Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:59

КМШ: АСТАНА САММИТИНЕ ЭКИ ПРЕЗИДЕНТ КЕЛБЕДИ


Казакстандын ордо шаары Астанада бүгүн КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары кезектеги саммитине чогулду. Анын негизги отуруму бейшемби күнү өтмөкчү. Молдованын жана Түркмөнстандын президенттери гана бул саммитке катышкан жок. Кечээтен бери Ынтымактын тышкы иштер министрлери да өз Кеңешинин отурумун өткөрүп, бир катар чечимдерди кабыл алды.

Астанадагы бийик жолугушуунун алдында оболу КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери өз жыйынын өткөрдү. КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер Кеңеши өзүнүн шейшембидеги отурумунда бул министрликтердин укук башкармалыктарынын Консултациялык комитети дегенди түзүштү. Ал эми бүгүн бул отурумдун катышуучулары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна өздөрүнүн орток кайрылуусун кабыл алышты. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кабарчыларга мындайча маалымдады:

- КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңеши Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөргө карата кайрылууну жактырды. ЕККУ уюмун мындан ары жакшыртуу маселелери көтөрүлгөн бул кайрылууга ага мүчө сегиз өлкө кол койду.

Айтмакчы, быйыл июл айында КМШнын тогуз мүчө өлкөсү ЕККУну «ички иштерибизге кийлигишип жатасыңар» деп сынга алган. Ошол маалда Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев «Азаттык» үчүн курган маегинде Бишкек жалпы шар менен бул сын катка кол койгонун, бирок өз өлкөсүнүн ЕККУга карата доосу жок экендигин да белгилеген:

- Эми биздин ички кырдаалды ала турган болсок, Кыргызстандын ичинде ЕККУга эч кандай дообуз жок. Ал азыркыга чейин жакшы иш алып барып жатат.

Астанадагы тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Борбордук Азия аймагында баңгизатка каршы күрөштү багыттоочу атайын бөлүм уюштуруу тууралуу да чечим кабыл алынды. Тажикстан менен Кыргызстандын башкы көйгөйлөрүнүн бири – суу сатуу эмеспи. Астанадагы министрлер жыйыны болочокто Борбордук Азиянын ири дарыяларынын маселеси атайын жыйында талкууланышы керек деп чечти. Бул тууралуу украин тышкы иштер министри Константин Грищенко мындай деди:

- Дүйшөмбү шаарында чек аралар аркылуу аккан дарыялар маселесин талкуулай турган жыйын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.

КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жыйынынын ирегесинде, бүгүн «Орток Экономикалык Мейкиндик» деп аталган жана курамына азырынча Беларус, Казакстан, Орусия жана Украина гана кирип жаткан төрттүктүн мамлекет башчыларынын жыйыны өткөрүлдү. Ага катышкан казак президенти Нурсултан Назарбаев украин шеригинин бир демилгесин баса белгиледи:

- «Орток Экономикалык Мейкиндикке» мүчө өлкөлөрдүн бирдиктүү долбоорлорун турмушка ашыруу маселеси өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Маселен, бул багытта украин президенти Леонид Кучманын космосту иликтөө тармагында өз ара кызматташуу сунушу келечектүү го дейм.

Назарбаев мырза, бирок, долбоорлордун санын кубалабастан, сапатын көздөө керек деп кошумчалады.

Ал эми КМШ мамлекет башчыларынын негизги жыйыны эртең, бейшемби күнү өткөрүлмөкчү. Эгерде бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү 1991-жылы декабрда «Советтер Биримдиги өлдү, жашасын КМШ!» деп жарыялашса, эртең Астанада азыркы жетекчилер элдир-селдир кагаз бетинде жашаган КМШнын тагдыры боюнча кандай чечим кабыл алаар экен? Айтор, Казакстан тарап бул ынтымакты чыңдоо боюнча бир катар сунуштарын камдоодо. Бирок аны сөз жүзүндө жапатырмак колдогон менен, эки тараптуу мамилелерге келгенде эле, КМШнын айрым өлкөлөрүнүн жетекчилери өз ара тил табышпай, бири-бири менен салкын саламдашууда.

Астана саммити маалында азери президенти Илхам Алиев менен армян президенти Роберт Кочарян өз ара жолугушуу өткөрүп, чечилбей келе жаткан Тоолуу Карабактын макамы маселесин талкуу кылаары күтүлүүдө.

Днестр бою аймагы боюнча Маскөөдөн колдоо таппаган молдова президенти Владимир Воронин менен саламаттыгына шылтаган түркмөн президенти Сапармурат Ниязов Астанага келишкен жок. Президент Ворониндин оюнча, Астанадагы башкы окуя – «Орток Экономикалык Мейкиндик» саммити. «КМШ жыйыны болсо – анын коштондусу гана», - дейт Воронин. Демек, бул саммит да ынтымактын бардык мүчөлөрүн баш коштура албаганы эмитеден эле айгинеленүүдө.

(Сүрөттө - Астанадагы "Окен" конок үйү. "Азаттыктын" Казак кызматынан алынды).

XS
SM
MD
LG