Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

ПУТИНДИН ДЕМИЛГЕСИН БИЙЛИКТЕГИЛЕР КОЛДОЙТ, ЭЛ КАРШЫ


Муса Мураталиев, Москва Орус президенти Путиндин федералдык бийликти кайра түзүп чыгуу сунушун аймактык жетекчилер кызуу кубаттаганы менен карапайым кишилердин чочулоосун жараттууда. Талдоочулардын айтымында, Орусиядай карамагына 21 улуттук жумурият кирген федералдык мамлекет үчүн аймактардагы бийликти бир колго, Кремлдин тегерегине топтоо опурталдуу көрүнүш.

Путиндин сунушу менен Орусияда бийликти кайра түзүү башталды. Субъект жетекчилерин мындан ары президент дайындамак болуп атат. Өлкөдө 89 субъект бар. Алардын 21и улуттук жумурияттар. Анализчилер "путиндик реформа" дал ошол жумурияттар менен борбордун алакасына от чачат деп кеп кылышат. Таанымал анализчи Леонид Радзиховскийдин айтымында:

- Карамагында Татарстан жана Башкортостан сыяктуу улуттук түзүлүштөрү бар Орусия үчүн, сырттан конфронтация болуп аткан шартта бул жагдай түбү келип жардырууну пайда кылып, өлкөнү таркатып ийет.

Ельциндин доорунда өлкөдө биринчи губернатор болуп шайланган Эдуард Россель эле. Ошондуктан бардык губернаторлор ичинен анын кеби баалуу го деп «Азаттык» ага суроо менен кайрылды:

- Эми мындан ары (жетекчи – ММ.) дайындалчу болсо, анда андай жетекчиден шалаакылык, саясатка тилин кайрап, болбогон ишке аралаша берүү деген жоголот. Калаа башчы шаардын иши менен алактенет, - дейт Свердлов облусунун губернатору.

Орусиянын Татарстан жумуриятындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Назиф Мирихановдун пикири кызык чыкты. Бир чети азыркы шайлоо деле жергиликтүү бийликке олигархтарды, кылмышкерлерди, маскарпоздорду же Кремлде таанышы барларды алып келип атат. Ошого карабай шайлоо болуп турганы жакшы болчу:

- Мен муну убактылуу чара деп ойлойм. Бирок бир лакап бар. Убактылуу нерсе түбөлүктүү болуп калышы анча деле кыйын эмес дейт эмеспи, - дейт Назиф мырза.

Уфа шаарынан келген Элдар Эсенгуловдун пикири таптакыр ачуу чыкты:

- Эми кайра Кремлдин Рахимов сыяктуу өзү ишенген кишилерин бийликке дайындоосу күч алат. Алар кайра да паракорчулук менен кылмыштуулукту жашырып-жапканга өтөт. Андан элге не пайда?

Ал эми Москванын көчөсүнөн жолуккан аял:

- Азыр жашырбай-этпей эле советтик кез келип калды. Баары мурдагыдай. Жогору жак ылдый жактагыларды дайындай баштайт. Мунун түбү келип советтик системаны жаратат, - деди.

Орусиянын мамлекеттик түзүлүшү өзгөргөнү атат. Ага Путин демилгечи, - дешет орусиялык серепчилер.

XS
SM
MD
LG