Кыргызстандагы айылдык жана шаардык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу ассоциациясынын болжолдуу маалыматына караганда, өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкер болуу үчүн 10 161 жаран арыз берди. Каттоодон өтсө алар 6748 депутаттык мандат үчүн ат салышмакчы.
Ошондуктан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев шайлоону атаандаштык негизде өткөрүш үчүн талапкерлер жетишээрлик топтолгонун билдирди:
- Маселе жок. Талапкерлер жетиштүү санда чыкты. Күрөш жакшы эле болот.
Өткөн аптада шайлоону уюштурууга байланыштуу чакырылган өкмөттүк жыйында талапкерлер аз көрсөтүлүп жатканы белгиленип, муну тынчсызданчу жагдай катары белгилеген президент Аскар Акаев жер-жерлердеги бийлик өкүлдөрүн шайлоону атаандаштык негизде өткөрүүнү камсыздоого жардамдашууга чакырган.
Айылдык жана шаардык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу ассоциациясынын төрагасы Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, азыр Бишкек шаарында бир орунга 6 талапкерден туура келип жатат. Ал эми айылдарда тескерисинче, бир орунга бир жарым киши туура келүүдө. Айрыкча, Ысыккөлдө, Нарында, Ошто талапкерлерди көрсөтүү жагынан жагдай жакшы эмес:
- Кээ бир жерлерде, мисалы, Бишкек шаарында 5-6 киши болуп атат. Кээ бир жерлерде, мисалы, Түп районунда 175 мандат болсо, 177 талапкер бар экен.
Айылдардагы мындай жагдайды Курманбек Дыйканбаев жергиликтүү кеңештерге маани бербестик менен байланыштырат:
- Айыл кеңешинин депутаттары бийлик өкүлү экенине, мамлекеттик башкарууга катышкан эл өкүлдөрү аркылуу ишти алдыга жылдыруу керек экенине маани бербестиктен болууда. Мисалы, бюджетти, уставды, айыл жерине тиешелүү бардык жоболорду беките турган - ушул айыл кеңеши. Туруктуу комиссиялар кээ бир жерлерде иштебей, депутаттардын эл менен байланышы жок болуп, ошондуктан эл депутаттардын баасын көп жакшы билбей атат.
Ал эми жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүп жаткан тараптардын бири – «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун шайлоо боюнча улуттук координатору Кыялбек Токсонбаев жергиликтүү бийликке умтулуунун солгундугун башка себеп менен түшүндүрөт:
- Жергиликтүү кеңештердин укуктары чектелген. Ошондуктан, элет жактагы кээ бир адамдарда кызыгуу жок. Кандайдыр бир келишпестиктер болсо, мамлекеттик адмиинстрация менен жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү өздөрүнүн ойлорун жактай албай, уттуруп коюшат. Менимче, ошон үчүн Бишкекке көптөрү умтулат. Себеби булар өз бюджеттерин өздөрү түзүп, өздөрү чечет. Шаарда мындай проблема жок. Шаардык кеңешке каалоочулардын көп болуп жатышы ушуга байланыштуу.
Мыйзам боюнча талапкерлер каттоодон өткөн соң 21-сентябрдан тартып шайлоого бир күн калганга чейин үгүт иштерин жүргүзүшөт. Ал эми 10-октябрда жер-жерлерде добуш берүү болот. Бул күнкү шайлоого Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясынын, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын тутумундагы көптөгөн уюмдардын, саясий партиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү байкоочу болорун белгилеп жатышат.
БШК төрагасы Сулайман Иманбаевдин пикирине караганда, айрыкча Бишкек шаарына кылдат байкоо жүргүзүү жөндүү:
- Биз Бишкек шаарында жакшылап көзөмөлдүк кылуу керек деп ойлойбуз. Бул жерде бир орунга алтыдан талакер болуп аткандан кийин күрөш катуу болот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кеңешчиси Бектур Зулпиевдин айтымында, бир жагдайды байкоочулар эске алышы керек:
- Саясий партиялар же башка тараптар байкоочуларды каалашынча жиберсе болот, бирок участкалык комиссия жайгашкан имаратка бир учурда бир гана байкоочу киргизилет.
Борбордук шайлоо комиссиясы 10-октябрь күнү 420 айылда, 20 шаарчада жана 21 шаарда 2,5 млн. шайлоочу добуш берүүгө катышарын болжоп жатат.