Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

НАТОнун ӨКҮЛҮ ДАЙЫНДАЛДЫ


Шаршембиде НАТОнун баш катчысы уюмдун Түштүк Кавказ жана Борбор Азиядагы алгачкы өкүлүн дайындады. Бул кызматты америкалык дипломат Роберт Симмонс аркаламай болду.

Түштүк Кавказ жана Борбор Азияга өкүлүн жиберип НАТО мурдагы советтик мейкиндиктеги өлкөлөр менен байланыштарын күчөтүүнү каалап жаткандыгын дагы бир жолу далилдеди. Жаңы кызмат жөнүндөгү чечим уюмдун Стамбул саммиттинде кабыл алынган.

НАТО лидерлери ошондой эле 8 жумуриятта байланыш кызматкерлерин дайындап, кызматташтык боюнча жаңы программа тууралуу макулдашышкан.

Шаршембиде жаңы өкүл Симмонс пресс-конференция өткөрдү. Анын айтымында, жакында баш катчы Яап де Хооп Схеффер менен кошо эки регионду тең кыдырып чыгат.

НАТО эки чөлкөм, ал жердеги жумурияттар ортосундагы айырмачылыктар бар экенин жакшы түшүнөт. Кээ бирлери, маселен, Грузия уюмга кошулуу багытында конкреттүү кадамдарды жасап жатса, борборазиялыкттар альянска кирүү жөнүндө сөз да кыла элек.

-Кавказдагы үч өлкөнүн тарыхый байланыштары, аны менен бирге өз ара талаштары көп. Борбор Азия болсо алыс. Бирок Ооганстандагы аскерий операциялар учурунда бизге жакшы таяныч болуп берди. Бул өлкөлөр тегиз эместигин жакшы билебиз, ал эми программаларга келсек, алар жалпысынан окшош.

Дипломат 3 багытта иш алып бармакчы. Жумурияттардын альянс менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, аскерий тармактагы реформа жана айрым маселелер боюнча консультация жүргүзүү.

Ал эми Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалы жөнүндө Симмонс: “Бул, албетте, маанилүү фактор, бирок НАТО негизги көңүлдү коргоо тармагына бурат. Уюм шериктердин куралдуу күчтөрү демократиялык структураларга таяныч болууга тийиш деп эсептейт, андыктан алар жалпы демократиялык процесстерге салым кошот”, - деген оюн ортого салды.

Симмонс Москва жаңы дайындоо жөнүндө кабардар экенин да белгиледи:

- Россия Евроатлантикалык шериктештик кеңешинин жана "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын мүчөсү. Азыркы пландар биздин шериктерибиз менен талкууланып, биргелешкен жыйында кабыл алынган. Ага Россия да катышкан. Албетте, бул Москва үчүн сюрприз эмес.
Россия жаңы дайындоо жана жаңы багыт жөнүндө кабардар
.

Бесландагы трагедиядан кийин орус жетекчилиги өлкөнүн сыртындагы террордук базаларга алдын ала сокку уруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жарыялаган эле. Айрым апаздар Россия биринчи кезекте Грузияны сөз кылып жатат деп ырастай башташты. Симмонс аны комментариялагандан баш тартып, Москва-Тбилиси мамилеси эки тарап менен тең көптөн бери талкууланып келатканын айтуу менен гана чектелди:

- Биз ар бир өнөктөш өлкөнүн, анын ичинде Грузиянын аймактык бүтүндүгүн жактаган турумду ээлеп келгенбиз. Ошол эле мезгилде биз шериктер ортосундагы ар кандай чатактарды болтурбоону каалайбыз. Бул кырдаалда альянс ушул эки принципке таянат.

Ал эми Армения менен Азербайжан ортосундагы талашты жөнгө салуу үчүн НАТО азырынча эч кандай бейпилдик миссиясын жиберүүнү караштырбайт.
НАТОнун Европадагы жетекчилеринин бири Жэймс Жоунс "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын алкагындагы машыгууну Азербайжанда өткөрүүнү сунуш эткен эле. Уюмдагы айрым булактар Баку армениялыктарга виза берүүдөн баш тартты деп ырасташууда. Симмонс бул жөнүндө эмне деп ойлоорун журналисттер менен бөлүшкүсү келген жок.

XS
SM
MD
LG