Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

КИМГЕ ДОБУШ БЕРҮҮ КЕРЕК? КЫТАЙДАГЫ ӨСҮШ КЫРГЫЗГА ТААСИР БЕРЕБИ?


Кытайдын демографиялык өсүүсү Кыргызстанга кандай таасирин тийгизет? Бул тууралуу ой-пикирин саясат таануучу «МСН» басылмасында билдирген. Ал эми шайлоолор тууралуу макалалар «Вечерний Бишкек» жана «МСН» гезиттерине чыкты.

15-сентябрда жарыкка чыккан “МСН” гезитинде “Электоралдык география жана геосаясат” деген макалада БШКнын мүчөсү Туйгунаалы Абдраимов Кыргызстанда шайлоо округдарын түзүүдө көптөгөн кемчиликтер бар жана аларды оңдоо керек деген.

Басылманын ушул эле санында шайлоого байланыштуу дагы бир макала орун алды. Анда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого азыртадан эле кампания башталды, мисалы, катары мугалимдерди Ысыккөлгө бекер алып баруу мисалдарды келтирилген.

Ал эми кечээ басылган «Вечерний Бишкек» гезитинин түз байланыштагы маегинин темасы - шаардык, поселкалык, айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо алдындагы шаар жана шаардыктар. "Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кайсы проблемаларды чечиши керек?" "Борбордун эртеңки күндү кандай болушун каалайсыз?" деген суроолорго окурмандардын көбү жашоо тынч жана коопсуз болгону жакшы деп жооп беришкен.

Анан да Кыргызстандын борбору батырак эле өнүккөн мамлекеттердикиндей архитектуралык көрүнүшкө ээ болсо дешет.

Мындан тышкары басылма шайлоо темасын улантып, Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамынын мандаттарынын жармысынан көбүн жергиликтүү бийлик органдарына биринчи жолу барууну чечкен адамдар алат, ал эми Кыргызстандын парламентинин 40 пайызына болжол боюнча саясий партиялардын өкүлдөрү ээ болот, деп маалымдайт.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго үч жумадай убакыт калды: кимге добуш беришибиз керек - ораторлоргобу же практиктергеби? Кыргызстанда бул эки сапатты тең өзүнө айкалыштырууга азырынча эч ким үйрөнө элек дейт макаланын автору.

Ал эми бүгүн басууга даярдалып жаткан «Общественный рейтинг» гезитинин башкы темасы Кытайдын демографиялык өсүүсү Кыргызстанга кандай таасирин тийгизет? Бул макалада саясат таануучу Сыргак Абдылдаев акыркы жылдары Кытайлык эмигранттардын саны 100 миңден 200 миңге чейин жетти, алардын көбү КМШда, ушул жагдай Кыргызстанга терс таасирин тийгизеби же жокпу деген пикирин билдирди.

15-сентябрь күнү чыккан «Аргументы и факты» гезитинин башкы макаласы Бесландагы окуя кайталанбашы үчүн Кыргызстандын коопсуздугун кантип күчөтүү керек деген темага арналган.

Ошондой эле, Афинада өткөн Олимиада оюндарынын өткөнү тууралуу жеңил атлетика боюнча машыктыруучу Игорь Паклин менен маек орун алды.
Анда ал "биздин спортчулардын 99 пайызы экинчи турга өтпөсүн билгем, Олимпиадага барууга 40 лицензия берилген, бирок нормативди аткарбагандар деле барышты, ал эми чиновниктер ал жерге иштегени эмес, эс алганы барды" деген оюн айткан.
XS
SM
MD
LG