Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

Энергетиктер протоколго кол койду


БИШКЕК. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын суу-энергетика тармагынын жетекчилеринин 16-сентябрда Казакстандын Чымкент шаарында өткөн жолугушуусунда протоколго кол коюлду. Бул тууралуу «Электр станциялар» акционердик коомунан бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, анда тараптар күз-кыш мезгилинде Токтогул, Кайраккум суу сактагычтарынан чыккан суунун көлөмү жана энергетика тармагында кызматташуу боюнча макулдашууга жетишкен. Бирок макулдашуунун шарттары азырынча ачыкка чыгарылбай турат.

Кыргыз тараптан Чымкенттеги жолугушууга «Электр станциялар» акционердик коомунун башкы директорунун орун басарлары Абдылда Исраилов менен Айдар Калиев катышкан.

XS
SM
MD
LG