БИШКЕК. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы добуш берүүчүлөрдүн баш бармагына белги коюну караган мыйзам боюнча жер-жерлерде "тегерек үстөл" жыйындарын өткөрүүдө. Коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов бүгүн билдиргендей, баш бармакка белги койуу ыкмасы Кыргызстанда акыйкат шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл.
13-сентябрда Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары көпчүлүк добуш менен «Шайлоо кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алуу менен коомчулукта бул маселе боюнча карама-каршы пикирлер күчөдү. Президент бир айдын ичинде бул мыйзам долбооруна өз көз-карашын билдирүүгө тийиш.