Орто кылымдагы кыргыздар менен азыркы алатоолук кыргыз элинин туугандык мамилесин тактоодо, бул таң калыштуу көрүнгөнү менен - Тува аймагы маанилүү роль ойнойт. Бүгүнкү кыргызтаануунун энесайлык кыргыздардын этникалык тарыхын изилдөө абалында эки көз-караш аныкталды. Биринчи көз-карашты жактоочулардын пикирине ылайык, энесайлык кыргыздар IX-X кылымдар аралыгында Алтай аймагына ооп, мындагы кимак жана кыпчактар менен аралашып XV кылымдын орто ченинде азыркы Кыргызстан аймагына келишкен. Экинчи топтогу илимпоздор болсо, кыргыздардын Энесайдан Теңиртоого көчүшүн - алардын 840-жылы уйгурларды жеңип, алгач Тува аймагын ээлеп, андан Чыгыш Түркстанга жер которуу процесси менен байланыштырышат.
Кыргыздар 840-жылы уйгур каганатын талкалагандан кийин, кыргыз ажосу өз ордосун адегенде Тува аймагына орнотуп, андан соң Батыш Монголия аймагына жер которгон.
Бүгүнкү күндө Тува жергесинде энесайлык кыргыздардын маданиятына мүнөздүү 450 чамалуу комплекс ачылган. Айрым изилдөөчүлөрдүн пикирине ылайык, кыргыз ажосунун ордосу Тува аймагындагы Танну-Ола тоо кыркасында. Археологиялык табылгаларга карап Тува аймагындагы кыргыз маданиятын төрт топко бөлсө болот. Археологиялык иликтөөлөр көрсөткөндөй алардын арасынан Элегест өзөнүнүн боюндагы маданий комплекс кыргыз каганынын ордосу орнотулган жайга окшошот.
Элегестке жакын жайгашкан Шанчиг, Чинге жерлеринде аска ташка чегилген кыргыз тамгалары арбын табылган. Мындагы археологиялык катмардын калыңдыгы жана кыргыз төрөлөрүнө мүнөздүү тамгалардын туруктуу орун алышы бу жерде кыргыз өкүмдарынын ордосу жайгашкан деп эсептөөгө негиз бар.
Себеп дегенде башкаруучу чөйрөнү тейлеш үчүн көп сандаган кызматкерлерден бөлөк, арбын аскер талап кылынган. Ошондой эле кагандын жанында мамлекеттик бийлик аппараты иштеп, алар менен кошо уруу бирикмелеринин кошо жүрүшү мыйзамченемдүү көрүнүш.