Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

ШАПИРОНУН КИТЕБИ МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУТУЛБАС БОЛДУ


17-сентябрда билим берүү министри Мустафа Кидибаев жана 7 облустун билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда Борис Шапиронун “Жашоонун сергек мүнөзү” аттуу китебин мектепте окутпоо тууралуу чечим кабыл алынганы айтылды.

Билим берүү министри Мустафа Кидибаев Борис Шапиронун «Жашоонун сергек мүнөзү» деген аталыштагы, жыныстык жактан тарбия берүү максатында чыгарылган окуу китеби жалпы билим берүү мектептеринде окутулбай тургандыгын жана анын басмадан чыккан нускалары билим берүү академиясынын кампасында сакталаарын билдирди.

15-сентябрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын билим берүү жана саламаттыкты коргоо боюнча комитеттеринин кошмо жыйынында Шапиронун китебин мектептерде окутпоо жана мектеп окуучуларына адептик билим берүү маселеси жөнүндө «Адеп сабагынын» программасын иштеп чыгууну билим берүү министрлигине тапшыруу тууралуу чечим кабыл алган.

Министрдин айтымында, «Ыйман сабагы» окуу программасынын «ыйман» деген сөздүн диний маанисине жамынып алып, айрым диний уюмдар программанын илимий-педогогикалык багытын, дүйнө таанытуучулук мүнөзүн бурмалаганга аракет кылышканын белгиледи. Ошондой эле, коомдогу өзгөрүүлөргө байланыштуу «Ыйман сабагы» программасына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилип, «Адеп сабагы» деген аталыштагы программанын долбоору коомчулукка коюлат.

-Ыйман деген кеңири түшүнүк. Буга баары кирет. Адеп деген - жүрүм-турум, нравалык тарбия берүүгө туура келет экен. Биз ошону гана тактап койдук. “Ыйман сабагы” программасы төрт жыл окутулса эми “Адеп сабагы” программасынын долбоору бир жыл окутулуп талкууланат. Анан же “ыйман” же “адеп”, - деп такталат,- деди Мустафа Кидибаев.

Билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинин чечимине ылайык Билим берүү министрлиги «Ыйман сабагы» окуу программасынын аталышын «Адеп сабагы» деп өзгөртүү жөнүндө 2004-жылдын 19-июлунда буйрук чыгарган.

Учурда «Адеп сабагынын» программасына ылайык окуу китептерин жана методикалык колдонмолорду жазуу, өзбек, орус тилиндеги мектептер үчүн варианттарды түзүү, мугалимдерди даярдоо, илимий-иликтөө сыяктуу иш-чараларды камтыган комплекстүү программа иштелип чыгууда.

Билим берүү академиясынын адистикти өркүндөтүү борборунун директору Сабыр Иптаровдун айтымында:

-Албетте дароо эле окуу китептерин жазуу абдан кыйын. “Адеп сабагы” программасы боюнча биздин илимпоздор, мугалимдер, окуу китептерин жазган авторлор даяр эмес. Себеби, биз түбөлүк түшүнүктөр жөнүндө, дөөлөттөр жөнүндө буга чейин билген эмеспиз да. Ыйман да, адеп да таптык болуш керек деген түшүнүктөр бар эле. Ал эми жалпы адамзаттык адептүүлүк деген эмне? Жалпы адамзаттык ыймандуулук деген эмне? Бул маселелер боюнча биз түркөй экенбиз. Былтыр “Адеп сабагы” программасы жарыяланып, окумуштууларга, мугалимдерге, автордук топторго тапшырма берилген.

Ал эми айрым ата-энелер «Ыйман сабагы» программасын өзгөртүүнүн кажети жок деген пикирде. Байтик айылынын тургуну Азимкан Мадалиев:

-Мурда "Ыйман сабагы" болуп келген. Азыр ыйман десе эле намаз окуу же болбосо динге баш отуң менен кирип кет деген эч ким жок. "Адеп" дебей эле “Ыйман сабагы” деген оң болмок. Себеби адепти биз канча жылдардан бери окуп келгенбиз. Адептүүлөрүбүз деле чеке жылытып, жыргатып жиберген жери жок.

Айрым байкоочулардын билдиришинче, «Ыйман сабагы» программасынын атын өзгөртүп «Адеп сабагы» программасын түзүү менен коомчулукта кайчы пикирлер жаралып, талаш-тартыш күчөшү мүмкүн. Анткени «Адеп сабагы» программасына өтүүгө билим берүү министрлигинин да даярдыгы жок.

Сүрөттө: Билим берүү министрлигинин алдында 15-сентябрда Шапиронун китебине каршы нааразылык акциясы өткөн.
XS
SM
MD
LG