Жума күнү Москвада дүйнөдөгү ири шаарлардын акимдери менен жолугушкан президент В.Путин мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, терең нааразычылыгын жашырбады:
- Биз терроризмге баа берүүдө "кош стандартка" туш болдук. Атүгүл азыр да дүйнөдөгү бейпилдик менен коопсуздук үчүн чоң коркунуч келтирген ушундай көз-караштар өкүм сүрүүдө. Дагы эле террористтерди "биздики", "тигилердики", "ашынган" жана "байыстуу" деп бөлүү аракети байкалат. Мындай аракеттер террорчулар үчүн оңтойлуу огожо, элдин аң-сезимин адаштырчу ыкма. Дагы да болсо "киши өлтүргөндөрдү жымсалдап актоо" далалаты жасалууда, бул – террорчуларга колдоо көрсөткөнгө барабар.
Путин андан аркы сөзүндө Москваны чечен жикчилери менен сүйлөшүүгө үндөгөндөрдү - Батыштын экинчи дүйнөлүк согуш алдында нацисттик Германияны жоошутуу аракетине окшоштура кетти.
Орус президентинин ушундай катаал мүнөздөгү оозеки чабуулу астында чечендердин Интернет-сайтында согушкерлердин командири Шамил Басаевдин билдирүүсү жарыяланган. Анда Басаев сентябрдын башында Түндүк Осетиядагы мектепте 1000ден ашуун кишини, окуучуларды барымтага алган согушкерлерди өзү даярдап жөнөткөнүн моюнга алды.
Беслан шаарындагы 3 күнгө созулган барымта кризисинде 320дан ашуун киши каза тапты, алардын жарымы – бели ката элек жаш балдар. Басаев билдирүүсүндө Орусиянын ар башка жерлеринде, каалаган убактысында дагы чабуулдарды уюштурарын эскертти.
Батыш мамлекеттери болсо, баштагыдай эле президент Путиндин Чеченстанга карата саясатына, жакында жарыяланган Кремлдин бийлигин күчтөндүрүү пландарына байланыштуу да камтамачылык билдирүүдө. Ушундай пикирди жума күнү Азербайжанга барган Европа Комиссиясынын президенти Романо Проди да бышыктады:
- Биз Орусия авторитардык бийлик орнотуу багытында өнүгүшүн каалабайбыз жана андай аракеттерден улам тынчсызданбай койбойбуз. Биз эч убакта кош стандарттарды колдонбойбуз жана бардык жагдайларды бирдей көз караштан баалайбыз.
Батыш өлкөлөрү чечен жикчилеринин баарын "террорист" деп атоого болбойт деген пикирде. Андан тышкары Москванын чечен террорчулары – "Ал-Каида" баш болгон эл аралык радикал исламчыл уюмдар менен байланышта деген көз карашынан күмөн санайт. Интернеттеги билдирүүсүндө Шамил Басаев "андай байланышыбыз жок" деп белгилеп, ошол эле учурда Осама бин Ладен акча берсе алат элем деп кошумчалайт. Чечен жикчилеринин командири Бесландагы барымта кризиси алдында Орусиялык учакта жана Москвадагы метронун жанында болгон жардырууларды да өзү уюштурганын жар салды.
АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитаж Басаевдин айткандарын айыптап, аны "адамгерчиликсиз кадам" катары сыпаттады.