Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУ КЕЛЕЧЕГИНЕ ИШЕНИМДҮҮ КАРАЙТ


23-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт. Анда уюмдун төртүнчү баскычтагы ишмердигине нук сала турган өтө маанилүү документтер кабыл алынмакчы. Бул тууралуу Бишкекке келген Шанхай кызматташтык уюмунун аткаруучу катчысы Чжэн Дэгуан билдирди.

Чжэн Дэгуандын маалыматына караганда, уюмга кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Бишкектеги жыйыны уюмдун тарыхында бурулуш жасайт деп күтүлүүдө. Анткени анда соода-экономикалык жактан ар тараптуу кызматташуу боюнча былтыр Пекинде кол коюлган макулдашууну ишке ашыруунун планы кабыл алынып, конкреттүү жаңы милдеттер алдыга коюлат. Ал тууралуу Чжэн Дэгуан мындай деди:

- Иш-чаралардын бул планы өзүнө көптөгөн конкреттүү долбоорлорду камтыйт. Маселен, алар телекоммуникацияда жаңы информациялык технологияларды киргизүү, транзиттик мүмкүнчүлүктү кеңейте турган авто, темир жолдорду салуу, гидроэлектростанцияларды куруу, экологиялык абалды жакшыртуу, мунай, газ кендерин иштетүү жана бажы тармагында бирдиктүү жоболорду кабыл алып, инвестициялык абалды жакшыртуу долбоорлору. Азыр бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бир нече атайын жумушчу топтор түзүлүп, иштеп жатат.

Атайын катчынын айтымында, мындан тышкары уюм Интернеттеги өзүнүн баракчасын ачып, анда уюм тууралуу бардык маалыматтарды жайгаштырып, кызматташтык боюнча өнөктөштөрдү издөөнү нукка салат.

Мындай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн уюмдун өнүгүү фондун түзүү максаты алдыда турат. Чжэн Дэгуандын айтымында, бул маселе да Бишкек жыйынында каралып, өкмөт башчылар макулдук берсе ал дароо ишке киргизилет.

Бул маселелерден тышкары Бишкек жыйынында өкмөт башчылары эларалык террорго каршы күрөшүүнүн мындан аркы аракетине катуу көңүл бурат. Аткаруучу катчынын билдирүүсү боюнча, Бесландагы террор аны күн тартибиндеги биринчи маселеге айлантты:

- Терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөш биздин уюмдун алдындагы өтө курч маселе экендигине дагы бир жолу ишендик.

Аткаруучу катчы бул маселе уюмга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңеш катчыларынын жакында кезексиз өткөрүлө турган жыйынында талкууланаарын кабарлады.

Көпчүлүк эл аралык уюмдардын ондогон макулдашуулары кагаз жүзүндө калышы көнүмүш болгондуктан Шанхай кызматташтык уюмунун мындай арымы да куру сөз болбойбу деген күмөн саноо коомдо жок эмес. КМШнын антитеррордук борборунун Бишкектеги бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Владимир Сергеевдин баамында, аракет жолдо калбайт.

Ал эми «Борбор Азиядагы тынчтык жана коопсуздук» коомдук уюмунун башкармасынын төрагасы, аскерий адис Адылбек Кадырбековдун баамында уюм жаңы милдеттердин өтөөсүнө чыгуу үчүн маалымат алмашуу жана иликтөө боюнча бирдиктүү борборун түзүүсү абзел:

- Биринчиден, ушул уюмдун өзүндө илим-изилдөө борбору түзүлүшү керек. Ал борбордо бирдиктүү маалымат база болуш керек, - дейт Адылбек Кадырбеков. - Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин кайсынысында кандай экстремисттик уюмдар бар жана алардын келип чыгуу себептерин иликтеп, аларга каршы алдын-ала күрөшүү зарыл. Илим-изилдөө борборунун иликтөөсүнүн негизинде келечекте кандай окуялар болот деген корутунду чыгарып, ага ылайык кооптуу көрүнүштөргө каршы иш алып баруу керек. Андан тышкары Шанхай кызматташтык уюумунун борборунда оперативдүү иш алып баруучу атайын бөлүм ачылышы зарыл. Анда биздин мамлекеттеги, чет өлкөлөрдөгү ар кандай уюм, кыймылдарды жакшы билген тажрыйбалуу адистер топтолуп, иликтенген маалыматтардын негизинде оперативдүү иштерди жүргүзүлсө. Андай болбой эле жолугуштук, чечим кабыл алдык дей беришсе эч бир максат ишке ашпайт.

XS
SM
MD
LG