Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИН РЕФОРМАЛОО АРАКЕТТЕРИ


Ушул шейшембиде Бириккен улуттар уюмунун Баш Жыйыны 59-сессиясын баштоодо. Жарым айга созулуучу дебаттарда БУУнун Коопсуздук Кеңешин жана башка мекемелерди реформалоо маселеси негизги темалардын бири болот. Ал эми Индия, Германия сыяктуу өлкөлөр туруктуу мүчөлүк алуу маселесин көтөрүшөт деп күтүлүүдө.

Бириккен улуттардын Коопсуздук Кеңеши кеңейтилеби? БУУнун Баш жыйынындагы жогорку деңгээлдеги талкууда мына ушул маселе үстөмдүк кылмакчы. Баш катчы Кофи Аннан дайындаган комиссия кеңештин мүчөлөрүн көбөйтүүдө мунасага жакын калганы байкалууда.

Бул комиссияны Аннан АКШ баштаган коалиция Иракты басып алгандан кийин түздүргөн эле. Алдын алуучу чабуул деп мүнөздөлгөн бул согуш Коопсуздук Кеңешинин ичтен бөлүнүп-жарылышына алып келген эле. Аннандын максаты - комиссия түзүү менен, кеңешке келечекте мындай алдын-алуучу согуштар маселесин жакшыраак жөнгө салууга көмөк көрсөтүү болчу.

Комиссиянын иши Германия, Индия, Жапония жана Бразилиянын Коопсуздук Кеңешинде азыркыдан таасирдүү роль ойноо үмүтүнө үмүт кошууда.

Кайсы өзгөрүүлөр күтүлүп жатканы так анык эмес, бирок азыр сөз Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүн 24кө жеткирүү жөнүндө жүрүп жатат. Азыркы туруктуу беш мүчө - АКШ, Орусия, Британия, Франция жана Кытай ордунда калышат, бирок аларга төр-беш жылга шайлана турган жарым туруктуу мүчөлөр кошулат.

Германиянын БУУдагы элчиси Гүнтер Плюгердин айтымында, аталган төрт өлкөнүн өкүлдөрү Нью-Йорк жыйынынын чегинде жаңы резолюцияны талкуулашмакчы:

- Kомиссиянын түзүлүшү, Баш Жыйындын төрагасы Жулиан Хунтенин реформа аракеттери, ушулардын баары реформаларга жагымдуу шарт түзүүдө. Бул аракеттен майнап чыгаарын айта албайм, бирок кеминде реформаларды келерки жылда да улантууга мүмкүндүк пайда болду.

Анна Мария Слафтер өңдөнгөн эл аралык мыйзам эксперттери үчүн Комиссиянын Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө байланышкан маселеге басым жасап жатышы - жакшы жышаана. Слафтер - АКШдагы Принстон университетинин Вудро Уилсон атындагы Коомдук жана Эл аралык иштер институтунун деканы:

- Бул талкуу комиссиядагы ар кандай мүчөлөр, бардыгы өз өкмөттөрү менен сүйлөшүп, ошонун негизинде мүчөлүк реформаны БУУнун алдында турган жаңы коопсуздук коркунучтарын алдын алуу боюнча жалпы талкуунун бир бөлүгү деп санашат. Бул - чоң жылыш. Алар бул жолго түшүүгө милдеттүү эмес болчу. Башынан, комиссиянын мандаты боюнча, жаңы коркунучтар менен чектелишсе деле жарамак.

Реформа комиссиясынын мүчөлөрү арасында АКШнын мурдагы Улуттук Коопсуздук кеңешчиси Брент Скоукрофт жана Орусиянын мурдагы өкмөт башчысы Евгений Примаков бар. Алар өз кеп-кеңештерин Кофи Аннанга 1-декабрда жеткиришет. Аннан аларды Баш жыйындын 2005-жылдагы сесиясына сунуш этмекчи.

Бир гана жери комиссия алдын-алуучу согуш доктринасын иштеп чыккан күндө да, Кошмо Штаттарынын өзүнүн улуттук коопсуздугуна шайкеш келбеген иш-чараларды кабыл алаары күмөн туудурат. Аннан жана АКШнын президенти Жорж Буш Баш жыйындын ачылышында чыгып сүйлөшөт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG