Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

СААТ 19.30: КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ АСКАР АКАЕВДИН ШАЙЛАНУУ УКУГУ БОЮНЧА АНЫКТАМА ЧЫГАРДЫ


21-сентябрда Конституциялык сот 2005-жылдагы президентик шайлоого Аскар Акаев катыша алабы же жокпу деген маселени карап, талаш пайда боло элек деп чечти жана ишти кыскартуу тууралуу аныктама кабыл алды. Конституциялык соттун мындай аныктамасын оппозиция "Аскар Акаевдин абалы өзгөрүүсүз калды, бул "араба да сынбасын, өгүз да өлбөсүн" деген жыйынтык болуп калды деп баалашты.

Президент Аскар Акаевдин мөөнөтү тууралуу ишти кароону кыскартуу тууралуу Конституциялык соттун аныктамасы Бишкек убактысы боюнча 17.30да чыкты. Аны менен төрайым Чолпон Баекова тааныштырды. Аныктамага караганда, Конституциянын 61-статьясына ылайык Жогорку Кеңештин эки палатасынын Мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттери депутат Дүйшөн Чотоновдун «Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого катыша алабы?» деген Конституциялык суроосуна өз бүтүмүн чыгарып берүүгө укуксуз болчу.

- Конституциянын 58-статьясынын 1-пунктунун 3-пунктуна ылайык Конституцияны чечмелөө Жогорку Кеңештин укугу болуп эсептелет. Чотонов менен Эркинбаевдин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын тийиштүү комитеттеринин бирин-бири жокко чыгарган чечимдеринин негизинде кайрылуусун кароо эрте, анткени ал Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Ошондуктан Конституциянын 43-статьясынын 2-пункту талаш-тартыш туудуруп жатат деп эсептелбейт, - деп Чолпон Баекова соттун аныктамасын окуду.

Конституциялык соттун ишти кыскартуу тууралуу мындай аныктамасына арыз бергендер ыраазы болушкан жок. Соттон кийин окуянын катышуучуларына, саясатчыларга суроо узаттык.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, соттун жүрүшүндө Аскар Акаев шайлоого баралат деген позицияда турган депутат Баяман Эркинбаев 1998-жылы ушундай эле абалда Конституциялык сот Акаев 2000-жылы шайлоого катыша алат деген чечим чыгарып бергенин айтып, соттун аныктамасына ыраазы эмес экенин билдирди:

- Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин көпчүлүк эл айтып жатат – Аскар Акаев дагы бир ирет шайлана алат деп. Ошону тактайлы деген мааниде биз Конституциялык сотко кайрылганбыз. Сот бүгүн «Акаев бара алат же бара албайт» деп чечип бериш керек эле. Мен Конституциялык соттун бүгүнкү аныктамасына ыраазы болгон жокмун.

Ал эми «Атамекен» партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев болсо Конституциялык сот дайыма саясий чечим кабыл алып келген, бул ирет да сот сүткор аныктама чыгарып берди деди:

- Конституциялык сот мыйзамга таянбастан, дайыма саясий чечим кабыл алып коюп жатат. Мындан мурда да 75 депутат Конституцияга өзгөртүү-толуктоо киргизүү тууралуу кайрылган. Бирок сот аны карабай, кайра артка жөнөтүп жиберген. Конституциялык сот саясий сүткорлук менен иш алып барган органга айланып кетти.

Өмүрбек Текебаевден айырмаланып Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов «эч кандай саясий чечим кабыл алынган жок, анткени талаш-тартыш азырынча пайда боло элек» деген пикирин билдирди:

- Эгер президенттин пайдасына чечим чыгара турган болсок, анда Баяман Эркинбаевдин суроосун канаттандырып, «Аскар Акаев дагы бир ирет шайлоого катыша алат» деп коймокпуз. Мына ошондо саясий чечим деп айтсаңар болот эле. Эгерде, капыстан биз бүгүн «Акаев кийинки шайлоого баралбайт» деп чыгарып сала турган болсок, анда эртең ошол эле Жогорку Кеңеш Конституциялык норманы ырасмий чечмелеп, «жок Акаев шайлоого баралат» деп коюшу мүмкүн. Анда биз Конституциялык соттун чечимин таштандыга ыргытып коюшубуз керек болуп калмак, - деди Марат Кайыпов «Азаттыкка».

Ал эми «Арнамыс» партиясынын лидерлеринин бири Эмил Алиев болсо Конституциялык сот бул маселени мындан 8 ай мурда эле иш козгобой туруп кыскартып койсо болмок, эми бул аныктама менен Аскар Акаевдин жолу ачылды деген пикирин айтты:

- Эгер сот мындай жыйынтыкка келе турган болсо аны 9 ай мурда эле кабыл алып койсо болмок эле. Азыркы кырдаалга караганда бул – саясий чечим эле болуп калды, ал түшүнүктүү эле болуп турат. Бул Ак үй үчүн жакшы болду, мындай аныктама Акаевге жол ачып берди.

Оппозициялык күчтөр Конституциялык соттун мындай аныктамасынан кийин 22-сентябрда жыйын куруп, өлкөдөгү саясий абалга баа берүүгө ниеттенип жатышат.

Сүрөттө: Конституциялык соттун 21-сентябрдагы жыйынынан көрүнүш. (Солдон оңго карай: судья Павел Дрыжак, төрага Чолпон Баекова, судья Абдыбек Суталинов).

Фото автордуку.

XS
SM
MD
LG