Тарыхка кайрылсак, 61 жаштагы Ху Цзинтао – Мао Цзедундан кийин Кытайдагы бардык бийликти өз колуна топтогон эң жаш лидер болуп калды. Өткөн жекшембиде аяктаган Кытайдын коммунисттик партиясынын төрт күндүк пленумунун соңунда экс-лидер Цзян Цземин өлкөнүн аскер башчылык милдетин эмки президентке өткөрүп бергени жарыяланды.
Эксперттер калкынын саны эң көп өлкө - Кытайда жаңы бийлик ички же тышкы саясатта чоң өзгөрүүлөрдү жасап ийеринен күмөн санашат. Кантсе да, эски жана жаңы жетекчилер – бир саясий күчтүн – коммунисттик партиянын өкүлдөрү эмеспи, бирок дүйнөдөгү өзгөрүүлөр Кытайды да кыйгап өтпөй, ал жакта соңку жылдары гүлдөп-өскөн эркин базар экономикасы айрым социалдык терс кесепеттерге алып келди.
Алсак, элдин тапкан кирешесиндеги ажырым күндөн күнгө өсүп баратканы Ху Цзинтаонун өкмөтүнүн башын оорутчу башкы маселе болчудай. Андыктан Кытайдын жетекчилиги акырындап экономикалык кырдаалды оңдоого муктаж, бирок бул маселеде алар эми кээ бир жаңы эл аралык милдеттенмелерди эске алышы керек болот. Лондондогу Чыгыш институтунун Кытай бөлүмүн башкарган Фил Дэнс ушул жагдайга көңүл бурат:
- Цзян Цземиндин тушундагы 3-муундагы жетекчилер эң ириде экономикалык өсүшкө, акчанын көлөмүн, чет элдик валюталык запасты көбөйтүүгө жанталашкан. Алар андай иш-аракеттердин терс кесепеттерине көп деле көңүл бурган эмес. Эми Ху Цзинтао ошол экономикалык реформалардан зыян тарткан катмарларга жардам бериши керек. Бирок, эми Кытай – Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондуктан, Хунун өкмөтү мурдагыдай колдо бар мүмкүнчүлүктөрдүн баарын пайдалана албайт.
Лондондук аналитик Дэнс андан ары Кытайда соңку жылдары борбордук бийликтин кудурети азайып, регионалдык партия башчылары Бэйжинден обочолоп баратканын айтат. Ушул жагдай да Ху Цзинтаонун болочок реформаларына бут тосушу мүмкүн.
Өткөн жекшембиден тарта өлкөдөгү аскердик бийликти да өзүнө өткөрүп алган Кытайдын президенти бул багыттагы дымагын биринчи кезекте Тайван маселесинде көргөзүшү ыктымал. Март айында Тайвандын президенти Чен Шуйбян кайрадан шайлангандан бери Бэйжин менен Тайпэй өз ара катаал билдирүүлөр жасап, күч колдонуу жөнүндөгү опуза сөздөрдү айтканга чейин барышты. Бирок, бул оозеки тирешүүгө Кытайдын президенти жеке өзү үн катып кошулган жок.
Анткен менен ал Кытайдын дүйнөдөгү өсүп бараткан ролуна кайрылган учурларында Бэйжин жалаң бейпилдикти көздөөрүн белгилеп келди. Ал үчүн айрым байкоочулар Ху Бэйжиндин мурдагы "алгыр бүркүт" атыккан позициясын аз болсо да жумшартат деп алдын-ала боолгоп да жиберишти. Мындай тыянактарды чыгаруу али эртелик кылат деп эскертет Тайпэйдеги саясий изилдөөлөр борборунун директору Эндрю Янг.
- Менимче, Кытай Тайванда декабрда өтө турган парламенттик шайлоонун, ошондой эле АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын күтө турат. Ошондон кийин гана келерки жылдын башында өз саясатын кайра карап баштайт. Эмнеси болсо да, Ху мурдагыларга караганда сабырдуу, ийкемдүү жетекчи болору айкын, бирок Тайван маселесинде ал деле катаал көз карашты карманат, - дейт Тайвандык изилдөө борборунун жетекчиси Янг.
Аягында айта кетчү нерсе, Хунун колуна эки чылбыр, бир тизгин тийгени менен, Кытайда саясий-экономикалык өзгөрүүлөр алеки заматта жасалбайт, улут тагдырын аныктаган коммунисттик партиянын келерки жыйыны 2007-жылы өтөт, ага чейинки иш-аракеттер тек гана даярдык, камылга иретинде аста-аста алдыга жылып отурат.