Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

КЫТАЙДЫН ПРЕМЬЕРИ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ


Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябаонун Кыргызстандагы расмий сапары маалында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну өркүндөтүүгө багытталган сегиз документке кол коюлду. Кыргызстан менен Кытайдын өкмөт башчыларынын билдирүүсү боюнча, алар коңшу мамлекеттердин мындан аркы алакасын бекемдейт.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаевдин билдирүүсү боюнча, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябаонун сапары эки өлкөнүн мындан аркы кызматташуусунун жаңы барагын ача турган визит болду. Анткени, эки тарап Кыргызстан сунуш кылган 17, Кытай сунуш кылган 10 маселени талкуулап, ар тараптуу алаканы өркүндөтө турган 8 макулдашуу жана протоколдорго кол коюлду. Николай Танаевдин баасы боюнча, муну менен эки тарап тең бири-бирин стратегиялык өнөктөш деп санаарын көрсөттү:

- Кытай Кыргызстан үчүн стратегиялык узак мөөнөттүү кызыкчылыгы бар өлкө. Кыргызстанга Кытайдын деле мамилеси ушундай деген ойдомун.

Ал эми кол коюлган документтердин ичинен эки өлкөнүн кызматташуунун жаңы баскычка көтөрө турган документ 2004-2014–жылдарда кызматташуунун программасы болду. Кытайдын премьери Вэнь Цзябаонун айтымында, ал ондон ашык тармактагы байланышты өркүндөтөт:

- Кызматташуу боюнча кол коюлган программа Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда «Достук жана ынтымактуу кошуналык» жөнүндө буга чейин кол коюлган келишимди ишке ашыруунун конкреттүү планы. Бул программа 18 тармак боюнча ишке ашырыла турган 100дөн ашык долбоорду өзүнө камтыйт. Тактап айтканда, алар саясий, соода-экономикалык, маданият, транспорт жана энергетика тармагындагы долбоорлор.

Вэнь Цзябао Николай Танаев менен бирге бул программага киргизилген долбоорлорду ишке ашыруу жолдорун талкуулап, илим жана техника жаатында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык илимий-техникалык комиссия түзүү чечимине келишти.

Андан тышкары эки тарап Кыргызстан менен Кытайды байланыштыра турган темир жолду куруу зарыл деген бүтүмгө келишти. Ал тууралуу Танаев:

-Биз темир жолду куруу долбоорун ишке ашыруу аракетин уланталы деген бүтүмгө келдик. Албетте, аны ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте техникалык-экономикалык негиздерди даярдоо керек. Ал үчүн баарынан мурун темир жолду куруу экономикалык жактан өзүн актаар-актабасын аныктай турган болдук. Андан тышкары Ош-Эркечтам-Анжиян автожолун куруу ишке ашырыла турган болду.

Николай Танаевдин айтымында, сүйлөшүү маалында мындан ары Кыргызстандан Кытайга чийки продукцияларды гана ташыбай, даяр товарларды да экспорттоо зарыл деген маселе көтөрүлдү.

Кытайдын премьери өз өлкөсү сооданын тескери сальдосу үчүн аракет кылбасын белгилеп, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөлөрү катары Кыргызстан менен соода алакасын мындан да өркүндөтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Бул күнү кол коюлган маанилүү документтердин бири кыргыз-кытай чегарасын демаркациялоо жөнүндөгү протокол болду. Протоколго кол кошумча карта тиркелип коюлду. Бирок ал кошумча кандай карта экендиги тууралуу маалымат берилген жок.

Шаршембиде Кытайдын премьери президент Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин эки палатасынын спикерлери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун укуктук, саясий багыттарын жана жогоруда аталган документтерди ишке ашыруу жолдорун талкуулайт. Андан кийин Вэнь Цзябао бейшемби күнү Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын Бишкектеги жыйынына катышат.

XS
SM
MD
LG