Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ БУШ БИРИККЕН УЛУТТАРДЫН СЕССИЯСЫНДА СҮЙЛӨДҮ


Нарын АЙЫП, Прага 21-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттардын Жалпы Ассамблеясынын кезектеги сессиясы башталды. Анын ачылышында уюмдун баш катчысы Кофи Аннан чыгып сүйлөп, мыйзамдуулукту камсыз кылуу азыр дүйнөдө негизги маселеге айланганын билдирди. АКШ президенти Жорж Буш болсо Вашингтондун Ирак саясатын коргоп, Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерине Бириккен Улуттар кеңири катышууга тийиш деп билдирди.

Мындан бир апта мурда Кофи Аннан Иракка каршы АКШ баштаган согушту мыйзамсыз деп атаган, ошондуктан анын Бириккен Улуттардын сессиясында мыйзамдуулук тууралуу айткан сөздөрү белгилүү ченемде Вашингтонго каршы дагы багытталган:

- Өз өлкөсү ичинде мыйзамдуулук көрсөткөн мамлекет андай мыйзамдуулукту өлкөнүн сыртында дагы сыйлаш керек. Чет өлкөлөрдө мыйзамдуулук үчүн күрөшкөн мамлекет өз өлкөсүнүн ичинде дагы аны эрежеге айлантууга тийиш.

Андан тышкары Аннан Ирактын абактарындагы кыйноолор менен байланыштуу дагы сын пикир айтты:

- Иракта карапайым адамдарды өлтүрүү катардагы окуяга айланды, жардам көрсөтүү үчүн келген кызматкерлер, журналисттер жана башка аскерий эмес адамдар болсо барымтага алынып, мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатат. Аны менен катар абакта кармалган туткундардын укуктары дагы маскаралык менен бузулууда.

Аннандан кийин чыгып сүйлөгөн АКШ президенти Жорж Буш болсо Вашингтондун Иракка карата саясатын коргоп, согуш Бириккен Улуттардын чечимдерине негизделип башталганын билдирди. Буштун айтымында, Ирак президенти Саддам Хусейн он жыл бою Бириккен Улуттардын чечимдерин аткарбай, бүткүл дүйнөлүк коомчулук менен эрегишип келген:

- 1991-жылдагы согуштун токтотулганынын себептеринин бири - бул диктатор Коопсуздук Кеңешинин бардык роезолюцияларын толук аткарууга убада берген, бирок кийин он жыл бою ал резолюцияларды көзүнө да илген жок. Акырында Коопсуздук Кеңеши андай баш ийбөөчүлүктүн арты оор болот жана орчундуу чара көрүлөт деп билдирген. Бирок биз кабыл алган милдеттенмелердин мааниси болуш керек. Орчундуу чара делген соң, тынчтыкты коргош үчүн орчундуу чара көрүлүш керек. Ошондуктан дүйнө мамлекеттеринин коалициясы эл аралык коомчулуктун талабын аткарды.

Буштун айтымында, Ооганстан менен Иракта азыр эркиндик орноп, өзүнө жол жарып баратат жана ал жараянга Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө башка мамалекеттер дагы салым кошууга тийиш. Ал үчүн уюмдун ичинде Демократия фонду түзүлүп, анын жардамы менен өнүгүп келаткан өлкөлөрдө мыйзамдуулук, көз карандысыз соттор, эркин басма сөз, саясий партиялар жана кесиптик бирикмелер түзүлүүгө тийиш.

Анткен менен, Буштун айтымында, келерки апталарда Ооганстанда да, Иракта дагы бир топ мыйзам бузуулар болушу мүмкүн, анткени октябрда Ооганстанда, январда болсо Иракта шайлоо өткөрүлөт жана тынчтык менен демократиянын бул өлкөлөрдө орношуна каршы чыккандар ал шайлоону үзгүлтүккө учуратууга бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүдө. Бирок кандай кыйынчылыктар болсо дагы, Ирак менен Ооганстанды эркин жана демократиялык өлкө кылуу аракеттери токтотулбайт.

Президент Буш өз сөзүндө Израилдин саясатын дагы сынга алып, басылып алынган араб жерлеринде жаңы жөөт айылдарынын курулушу токтотулууга тийиш деп билдирди. Көптөгөн эксперттин айтымында, Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы тең салмактуу эмес саясаты террорчулуктун күчөшүнө себеп болууда. Ал тууралуу Пакистандын президенти Первез Мушарраф дагы 20-сентябрда Нью-Йорк шаарында өткөн жыйында айткан.

XS
SM
MD
LG