Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

КЫРГЫЗСТАН ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ ТҮЗҮЛДҮ


Эмдиги жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоону калыс өткөрүү, катарынан чыккан талапкерлерге жалпылап колдоо көрсөтүү максатын аркалаган Кыргызстан элдик саясий кыймылы түзүлдү. Шаршембиде оппозициялык 9 партиянын жетекчилери чогулуп, уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Жаңы кыймылды түзүүнүн демилгечилери жыйын өтүп аткан залга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүн, чоочун адамдарды киргизишкен жок. Тек жыйын соңунда ага катышкан саясий партия жетекчилеринин айрымдарын сөзгө тарттык. «Эркин Кыргызстан» саясий партиясынын башчысы, парламент депутаты Бектур Асановдун ырасташынча, жаңы бирикмеге кирүүнү каалагандарга эшик ачык:

- Азырынча «Адилет шайлоо үчүн» блогуна кирген инсандар, төрт партиядан турган Элдик конгресс мүчөлөрү, алардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр болуп атат. Баарыбыздын максатыбыз бир. Булар да, биз дагы бул бийликтин кетишине Конституциянын негизинде жаңы бийликтин келишине алар да, биз дагы аракет кылып жатабыз. Ошондуктан эртеңки күнү бирикпеген күндө деле бир максатты көздөө, бир ишти жасоо боло турган жумуш.

«Кайран эл» партиясынын өкүлү Улан Орозалиев парламенттик жана президентти шайлоолорго оппозициялык саясий күчтөр чогуу чыгып, жалпы максат үчүн биргелешип аракеттениши зарыл экенин билдирди:

- Негизги иш – мына 9 саясий партия биригип атат. Жакында анын жыйыны болот. Ошондой эле жакын арада прогрессивдүү патриоттук-атуулдук кыймыл түзүлөт. Анын курултайы жакын арада өтөт. Эми менин оюмча, ошол кыймылды, союзду түзгөн адамдар Кыргызстанда чын эле демократия орносун десе, дагы башка ойлору болсо, алар сөзсүз биригет. Эгер бириге албаса – бул алардын жеке трагедиясы.

Кыргызстан коммунисттери партиясынын катчысы Бейшебек Акуновдун айтымында, шайлоо жакындаган сайын саясий активдүүлүк күчөөдө:

- Менин оюмча, жыйынтыгы болот. Анткени, мына ушул азыр элдин бийлиги, анын актыгы, тактыгы үчүн иштеп атабыз да. Ошон үчүн булардын кыймылын мен колдойм, көңүлүмө абдан жакты. Биздин партия муну колдошу керек.

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын жетекчиси Досбол Нур уулу жаңы саясий бирикмеге 9 саясий партия киргенин, катары дагы калыңдай бере тургандыгын айтты:

- Кыргызстан элдик кыймылы болуп түзүлдү. Негизги максат – Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жол бербөө. Парламенттик шайлоого бир блок менен чыгуу. Тогуз партия биригип атат, эшик дагыле ачык. Мына ушул партиялар боюнча 75 округга өз талапкерлерди коюп бирге чыгуу максатын көздөп жатабыз. Анан үчүнчү максат – президенттик шайлоого бирдиктүү бир талапкер менен баруу.

Шайлоо алдында оппозициялык саясий күчтөрдүн демилгеси менен кош кыймыл түзүлдү. Буга чейин Мисир Ашыркулов, Алмаз Атамбаев, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев сындуу белдүү саясий лидерлердин башын кошкон «Адилет шайлоо үчүн» блок түзүлгөн эле.

Эми Курманбек Бакиев, Үсөн Сыдыков, Азимбек Бекназаров башында турган саясий уюмду түзүлдү. Кош бирикменин уюштуруучулары ушу азырга дейре ортодо эч кандай саясий атаандаштык жоктугун, көздөгөн максат бир экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG