Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

АКШ баасы 15 млн. доллар турган гумжардам берди


БИШКЕК. Бүгүн АКШнын Мамлекеттик департаментинин Европага жана Евразияга жардам көрсөтүү кеңсеси Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 15 миллион доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам берди. «Үмүт» аттуу долбоордун алкагында уюштурулган бул жардам үч этап менен ишке ашууда. Алгачкы ирет 8,6 миллион долларлык дары-дармек, медициналык жабдыктар темир жол аркылуу жеткирилген. Ал эми октябрь айынын башында Бишкек шаарындагы медициналык операция жасоочу, лабораториялык жайлар жана рентген-кабинеттери үчүн жабдыктар таратылат.

Бүгүн жаңы келип түшкөн медициналык жабдууларды кабыл алуу иш чарасына вице-премьер-министр Токтобүбү Айтикеева, саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов, АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Доналд Лу катышты. Гуманитардык жардамды таратууга жүктү жеткирген америкалык өкүлдөр бир нече күн байкоо жүргүзүшөт.

XS
SM
MD
LG