Кыргызстан элдик кыймылынын курамына кирген 9 оппозициялык партиянын бири «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров кыймылдын башкы максаттары тууралуу:
- Биздин максаттарыбыздын бири – өлкөдөгү бийликти референдум жолу мененби, же башка мыйзам бузуу жолдору мененби - узартууга каршы күчтөрдү бириктирүү, - деп белгиледи.
Ал эми президенттик администрация жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков өлкөдө референдум өткөрүлөт деген маалыматтарга карата:
- Бул - кезектеги ушак-айың. Алар атайын элдин көңүлүн өздөрүнө буруу үчүн ушундай кептерди чыгарып жатышат. Референдум болобу же болбойбу – муну бир кудай билет, анан эл билет. Убагы келгенде көрөбүз да.
Арийне, айрым саясатчылар Элдик кыймылдын түзүлүшү өлкөдөгү демократиялык жараяндарды активдештирүүгө жол ачат деген көз караштарын билдиришүүдө. Бул жөнүндө «Атуулдук коом коорупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова мындай дейт:
- Алдыдагы чоң саясий транформациянын алдында ушундай бирикмелердин түзүлушүнө биз позитивдүү карашыбыз керек. Анткени, бул элдин мүдөөлөрүнүн бири болуп эсептелет. Менин пикиримде, Элдик кыймылдын тегерегинде башка оппозициялык маанайдагы саясий партиялар, бирикмелер да чогулуп, биргелешкен иш-аракеттерин алып барышы зарыл. Мен жаңыдан түзүлгөн кыймыл эл үчүн, мамлекет үчүн өзүнүн жакшынакай кызматын көрсөтө алат деп ишенем.
Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов Кыргызстан элдик кыймылынын түзүлүшү экс-премьер-министр Курманбек Бакиев президенттикке ат салышат дегенди билдирет деп эсептейт:
- Элдик кыймылдын жетекчиси болуп Курманбек Бакиевдин шайланышы анын президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, преиздентикке ат салышышындагы алгачкы кадам.
Ал эми айрым борборчул көз караштагы саясий партиялар болсо "жаңы саясий кыймылдын түзүлүшү өлкөдөгү оппозициялык партиялардын биригүүсүн шарттай албайт" деген пикирлерин айтышууда. «Элет» партиясынын лидерлеринин бири, депутат Ташболот Балтабаев буга байланыштуу:
- Азыр эми бул кыймылдын түзүлүшүн анын курамына бардык саясий партиялар кирет деп түшүнүү азырынча туура эмес. Анткени, алардын жетекчилеринин амбициялар бар, айрым максаттары да окшош эмес. Элдик кыймылга кирген партияларды радикалдуу оппозициялык партиялар десек болот. Ал эми «Адилет шайлоо үчүн» блогуна кирген партиялар менен саясатчыларды конструктивдүү оппозиция деп айтууга болот, - дейт Балтабаев.
Ал эми «Адилет шайлоо үчүн» блогунун лидерлеринин бири, «Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев саясий блоктор бирикпесе да, алардын ортосундагы кызматташуунун жаңы формаларын табуу зарыл деген ойдо:
- Эми биз бир уюмга бириге албасак да, кызматташуунун башка жолдорун издешибиз керек. Анткени, баарыбыздын эле максаттарыбыз бир болуп жатат. Бийлик мындан ары кандай сценарий менен иш жүргүзөөрү түшүнүктүү болуп калды.
Кыргызстан элдик кыймылынан билдиришкендей, анын уюштуруу курултайы 7-октябрда өтөт жана анда уюмдун саясий платформасы жарыяланат.
Сүрөттө: Кыргызстан элдик кыймылынын жетекчиси Курманбек Бакиев.