Россия көптөн бери эле Батыштын айрым мамлекеттери менен саясий баш калка берүү маселеси боюнча талашып-тартышып келатат. Эми Москва бул маселени БУУнун трибунасынан козгоп, терроризмге каршы күрөштө кош стандарт саясатынан баш тартууга үндөдү.
Британия жана АКШ орустар террорист деп атаган чечен козголоңчуларынын лидери Аслан Масхадовдун жардамчыларына башпаана берген эле.
Кечээ Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Нью-Йоркто сүйлөгөн сөзүндө дагы бир жолу орус өкмөтүнүн нааразылыгын билдирди:
- Террористтерге, алардын шыкакчыларына, спонсорлоруна баш калка берүү антитеррордук майдандын катышуучуларынын биримдигине, алар ортосундагы өз ара ишеничке шек келтирет, террорчулардын иш-аракеттерин актоо болуп саналат.
Президент Путин Беслан трагедиясынан кийин сунуш эткен саясий реформалар Батыштын тынчсыздануусун жараткан эле. Буга байланыштуу Лавров Россия өз коопсуздугун камсыз кылууга укуктуу деп жооп берди:
- Мамлектибиздин эгемендүүлүгүнө кол салууга эч кимге жол бербейбиз. Террористтерге туруштук берүү үчүн, атуулдардын коопсуз, эркин жашоосун камсыздоо үчүн өлкөнүн, элдин биримдигин чечкиндүү бекемдейбиз.
Ошол эле күнү россиялык делегация Коопсуздук кеңешине резолюция долбоорун таратты. Орустар сунуш эткен документке ылайык терракттарды каржылап же аларды уюштуруп, саясий качкын деген макамын бузган адамдарды өз өлкөлөрүнө өткөрүп берүү ыкчамдатылууга тийиш.
Андан тышкары БУУга терроризмге тиешеси бар адамдардын, уюмдардын жана топтордун кара тизмесин түзүү сунуш этилет. Азырынча Коопсуздук кеңешинде “Ал-Кайида” жана Талибан менен байланышта турган топтор менен адамдардын тизмеси гана бар.
Масхадовдун басма сөз өкүлү Ахмед Закаевдин Британияда баш паана тапканына байланыштуу Лондон менен Москва бир топтон бери талашып-тартышып келаткан эле. Ага карабай, Лавровдон кийин сөз сүйлөгөн Британ тышкы иштер министри Жэк Стро россиялык кесиптешинин демилгесине колдоо билдирди:
- Биз бул долбоор боюнча Россия Федерациясы менен тыгыз кызматташабыз. Коопсуздук кеңешиндеги башка өнөктөштөрүбүз менен да террористтерди каржылагандарга, колдогондорго качкын сатусун берүүнү алдын алуу үчүн кандай чара көрүш керектигин, ошондой кишилердин экстрадицияланышын тездетүү жолдорун талкуулайбыз.
Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болуп кирүү үчүн аракеттенип жаткан Индиянын өкмөт башчысы Манмохан Сингх терроризмге каршы күрөштүн кемчиликтери жөнүндө сөз козгоду:
- Бул канчалык өкүнүчтүү угулбасын, бирок эл аралык террордук уюмдар, алардын бутасы болгон демократиялык өлкөлөргө караганда жакшыраак кызматташып жатканына күбө болуудабыз. Биз кызматташуу жөнүндө көп айтканыбыз менен, терроризмди түп тамырынан жок кылууга келгенде чечкиндүү боло албай жатабыз.