Жакында ден-соолугуна байланыштуу ооруканага жаткан Виктор Юшенко анын себептери тууралуу бүт нерсени биле тургандай ишенимдүү. Шейшембиде парламенттин өкүлдөрүнө ал өз оюн мындайча түшүндүрдү:
- Менин бетимди караңыздар, сүйлөп жатканымда кыйналганыма көңүл буруңуздар. Бул – мен баштан кечирген азаптын эң эле кичине көрүнүштөрү. Мен өзүм тандап жеген тамагымдын эле курмандыгы болгон жокмун. Мен муну бул өлкөдөгү саясий режимдин проблемасы деп билем.
Анын ден-соолугу 5-сентябрда начарлай түшкөн. Беш күндөн кийин, такыр айласы кеткенде Юшенко Венадагы менчик дарыканага жеткирилди. Ал кезде оорусу бир топ эле күчөп калган экен.
Николай Корпан - Юшенконун Венадагы башкы дарыгери. Ал телефон аркылуу “Азаттыкка” берген интервьюсунда саясатчынын оорусу тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
- Ал карынынын астындагы чоң шишиктери менен келген болчу. Анын үстүндө гастрит да күчөп, булчуңдары ысып-күйүп турган, бетинин нервдери иштебей калган. Ал эми көкүрөгү да ооруп турган болчу, - деп сүйрөттөйт Юшенконун оорусун дарыгер Николай Корпан.
Анын айтымында, Юшенконун ден-соолугунда бир эле убакта пайда болгон бир нече көйгөйлөр так диагноз чыгарууга да кедерги болду:
- Бул жолку окуя – медицина үчүн адаттагы көрүнүш эмес. Анткени анда түрдүү дене бөлүктөрүнүн талыгып катуу ооруусу, неврологиялык проблемалар менен коштолду.
Корпандын айтымында, Юшенкону дарылоо ишине невропотологдордон тарта дерматологдорго чейин баары болуп 20дай адис иштеди. Алардын камкордугу менен украиналык саясатчы тез эле айыга баштады. Бирок дарыгерлер азырга чейин анын оорусуна так диагноз бере албай келишет.
Андыктан, Юшенко, балким атайылап жасалган ууктуруу ишинен жапа тарткан болушу мүмкүн, - дейт врач:
- Биз оорулуунун канын так изилдөө үчүн аны бир канча изилдөө борборлоруна жиберип көрдүк, бирок алар ооруу башталгандан 96 сааттан кийин, анын тибин аныктоо мүмкүн эмес деген жыйынтыктарын беришти.
Ал эми Юшенко өзү ооруканадан чыккандан кийин, доктурлардын тыянагы “аны ууктуруу аракети болгондугуна далил” деп билдирди.
Бирок Нью-Йорктогу Медицина университетинин окумуштууларынын бири Марк Сигель кандын анализи толук өткөрүлбөгөнүнө таңкалат жана “изилдөөнү өткөрүүгө кеч болуп калган” деген жыйынтыкка такыр кошулбай тургандыгын айтат. Анын ишениминде 96 сааттан кийинки мезгил - вирусту аныктоо иши үчүн өтө ыңгайлуу убакыт.
Негизи, Украинада ушул жылдын 31-октябрында өтө турган президенттик шайлоого талапкерлер көп, бирок алардын ичинде азыркы өкмөт башчы Виктор Янукович менен оппозициялык талапкер Виктор Юшенко – эки башка идеологиянын адамдары – коом пикири боюнча негизги талапкерлер.
Шайлоо алдында ооруканага жатып, кийин бийликтерди күнөөлөгөн бир эле Юшенко эмес. Мына ушундай эле окуя анын башкы атаандашы Виктор Янукович менен да болду. Аны шайлоо өнөктүгүнүн алкагында өлкө кыдырып жүргөн кезинде, бирөөлөр жумуртка менен чабышкан. Бул окуяны Янукович Юшенконун жасаган “ыплас аракети” деп баалады.