Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жолго коюлат


БИШКЕК. 1-октябрда мамлекет тарабынан кепилденген акысыз юридикалык жардамдарды көрсөтүү системасын өнүктүрүү боюнча концепция кыргыз өкмөтүнүн кароосуна жолдолот. Аталган концепция мамлекеттик органдардын, адвокатура тармагынын өкүлдөрүнүн курамынан түзулгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан. Ал атуулдардын акысыз юридикалык жардам алуу боюнча конституциялык укуктарын камсыздоого багытталган.

Концепциянын негизги жоболорунда акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн механизмдери, анын функцияларынын мамлекеттик органдар жана адвокатуранын ортосунда натыйжалуу бөлүнүшү, бул жараяндардын ачык-айкындыгын кепилдөө жана башкалар каралган. Бул документтин негизинде акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоору иштелип чыгат.

XS
SM
MD
LG