Сирияда бүгүн палестиналык “Хамас” радикалдык тобунун жетекчилеринин бири өлтүрүлдү. Изелдин Аш-Шейх Халил өзүнүн машинесине коюлган бомбанын жарылуусунан өлдү. Жакында Израиль “экстремисттер эч кайда качып кутула алышпайт” деген билдирүү жасаган. Андыктан, окуя болоору менен “Хамас” бул үчүн Израилди айыптады. Газа тилкесинин тургуну Халиль 12 жыл мурун ал жерден Израиль бийликтери тарабынан куулган. “Хамас” бул үчүн Израилден сөзсүз өч алаарын билдирди.