Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

ПАРЛАМЕНТТИК КОМИССИЯ БЕСЛАНДАГЫ КЫЗЫЛДАЙ КЫРГЫН ЧООЖАЙЫН АЛТЫ АЙ ИЧИНДЕ ИЗИЛДЕП ЧЫКМАК БОЛУП АТАТ


Орусия парламентинин атайын комиссиясы Беслан трагедиясынын чоожайын текшерүү жарым жылдан кем эмес убактта аяктайт деген. Комиссиянын төрагасы Александр Торшин журналисттер алдында жазаган билдүүсүндө комиссия топтогон 500дөй суроого ал жооп таба алган эмес. Ошондой эле ал изилдөө иши бир эле Түндүк Осетия эмес бүтүндөй Түндүк Кавказ аймагын кучагына алуусу мүмкүн деди.

Жарым жылга смета түздүрүп алып Бесландагы кызылдай кыргын жөнжайын иликтөөгө киришкен парламенттик комиссия алгачкы ой жыйындылары коомчулукка белгилүү боло баштады. Комиссия төрагасы Александр Трошин алдыңкы күнү Маскөөдө элден мурда эки палата спикерлерине иш сапарынын жыйынтыгын айтып берди. Бийликке баш ийген «Вести» сыналгы каналына жекшембиде берген маегинде комиссия жетекчиси, иликтөө ишин жарым жыл ичинде тамам кылууга аракет жазайбыз деди. Андан аркы кебинде кыйла суроолорго жооп таба алышпаганын айтты:

- Бизде жоопко караганда суроолорубуз артык болду десем ашыра чапкандык болбос. Мен буга дейре да айтканмын, чогулган материалдар негизинде кандай суроолор пайда болгонун эсептеп чыктым. Андай суроолор эсеби 500дөн ашты, - деди Трошин.

Комиссия таап чыккан фактылар арасында, маселен, барымтачылардын бир нечеси узак жылдарга түрмөгө кесилген кылмышкерлер болуп чыгышкан. Бирок алар кандайдыр бир себептен улам абактан эрте бошонуп чыгышкан. Ошондон улам бир субъекте узак убакка кесилген кылмышкерди жазасын башка субъекте өткөрүү мыйзамын кабыл алдыруу боло тургандыгын айтты.

Бисланда кызылдай кыргынды башынан өткөрүп, аман калган 8 жашар Артур, бул күндөрү Маскөө бала ооруканасында дарыланып атат. Сакайып калган бала трагедияны мындайча эскерет:

- Бислан эсимде. Мени самбилге салып көтөрүп келишкенде тим жаттым. Андан кийин билегиме кан куюшту. Анан бир баланы алып келишти. Менин жанымдагы керебетке жаткырышты. Ал көзүн ачалбай атса да кыймылдай берди. Ок анын далысына тийиптир, - дейт.

Мамлекеттик комиссия төрагасы айтканга караганда, Беслан окуясы боюнча ички иштер министрлиги менен федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү берген маалымат менен бийлик берген маалыматтар ортосунда айырма бар. Бул жолку барып жыйнап келген кагаздар 4 миң беттен ашкан. Алардын кай бирлери башкы прокуратурага жөнөтүлөрү маалым болду.

Владикавказ каласындагы жумурияттык балдар ооруканасынын бпашкы доктуру Руслан Жанаев телефон аркалуу айткан жообунда, сакайып чыгып кеткен бала эсеби эки жүздөн ашканын белгиледи:

- Биздин ооруканага түшкөндөр ичинен, бул күндөрү, 250дөн ашуун бала үйлөрүнө чыгып кетишти, - деди.

Маскөөдөгү балдар ооруканасында дарыланып аткан 8 жашар секелек кыз Лена оң колуна ок тийгендиктен ал колу менен эми калем кармай албай, ошол себептен кагазды сол колу менен жазганга үйрөнө баштаганын көңүлү куунак жооп берди:

- Эми мен сологоймун. Сол колум менен жазганды үйрөнө баштадым.

XS
SM
MD
LG