Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

ТАНАЕВ: БИЗ КЫТАЙ ТАРАПТЫ ЫНАНДЫРА АЛДЫК


Сарыгулова Бурулкан, Бишкек Өткөн аптада Бишкекте уюштурулган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин отуруму жана Кытай Эл республикасынын мамлекеттик кеңешинин төрагасынын Кыргызстанга жасаган расмий сапары өз максатына жетти. Журналисттер үчүн бүгүн (дүйшөмбүдө) уюштурган маалымат жыйынында премьер-министр Николай Танаев ушундай баасын берди. Өкмөт башчынын билдиргенине караганда, бул эки иш чарада тең эл аралык терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөш башкы маселелердин бири катары талкууланды.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңеши Бишкекте Кыргызстан тараптын демилгеси менен өтүп, бул аралыкта өкмөт коопсуздук чараларын айрыкча күчөттү.

Премьер министр маалымат жыйынында акыркы айлары өлкөдө болуп жаткан расмий иш сапарларга жана иш чараларга жана байланыштуу мындай аракеттер туруктуу көрүлүп жатканын белгиледи:

- Кыраакылыкты күчөтүү зарыл болду. Терракт өңдүү жагымсыз көрүнүшкө тушуккандан көрө, балким, чегара жана бажы посттору аркылуу өткөн жарандарга убактылуу ыңгайсыздык түзгөн оң.

ШКУ өкмөт башчылары Бишкек отурумунда аскерий, коопсуздук, соода-экономикалык кызматташтыктын багыттарын жаңы өңүттө талкуулашты.

- Бир нече маселени карадык. Биринчи маселе албетте, терроризмге каршы күрөшкө тиешелүү болду.

Танаев белгилеген бул маселенин тутумунда маалымат алмашуу багытындагы кызматташтыкты күчөтүүгө басым жасалды:

- Бизге мыкты маалымат борбору керек. Ал үчүн укуктук базалар менен уюштуруу шарттары жетиштүү. Эми кызматташтыктын кагаздан тышкаркы формасын калыптоо керек, - деген Россиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков Бишкек отурумунда.

Танаевдин айтымында, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин башчысы Вэн Цзябаонун расмий сапарынын алкагындагы жолугушууда өкмөт башчылар терроризм маселесин эки өлкөнүн өңүүңдө талкуулашты. Вэн Цзябао Кыргызстан тараптан Нарын-Торугарт жолунда атылып, өрттөлүп кеткен бир автоунаа ишкерлерге жана Бишкекте өлтүрүлгөн дипломатка байланышкан териштирүүлөрдү күчөтүүнү суранды. Танаев маалымат жыйынында бул маселени чечүүдө жалгыз кыргыз тараптын аракети жетишсиз экенин белгиледи:

- Биз маалымат алмашууну макулдаштык. Себеби, ким кайда (кылмышка тиешелүү) жашынгандыгы тууралуу биздин күч органдарында маалыматтар бар. Бул багытта бир катар мамлекеттер менен бирге аракеттенүү зарыл.

Кытай премьеринин иш сапарынын учурунда жалпысынан Кыргызстан тарап 17, Кытай тарап 8 маселени көтөрдү. Алардын ичинен узак талкууну жана талаш тартышты жараткан негизги маселе 2004 - 2014-жылдар аралыгындагы ар тараптуу кызматташтык жөнүндөгү программаны кабыл алууга байланыштуу болду. Талкуу негизинен Кытай - Кыргыз-Өзбек темир жол курулушуна байланыштуу жүрдү жана «бул маселеде биз Кытай тарапты ынандыра алдык» деди Танаев.

- Бул маселе биз үчүн олуттуу болчу. Анын үстүнө эксперттердин бир тобу техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу, анын артынан курулушту баштоо керек дешсе, экинчилери бул жол биз күткөн жыйынтыкты бербейт деп чыгышты.

Кытайдын премьер министринин сапары учурунда жалпысынан сегиз документке кол коюлду. Алардын ичиндеги дагы бир башкы документ «Кыргыз-Кытай чегарасын (картасы менен кошо) Делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу протокол» болду.

XS
SM
MD
LG