Фаруки Пакистандын түштүгүндөгү Синдх чөлкөмүндө өткөрүлгөн аскерий операция маалында жок кылынды. Бир нече саатка созулган актылашуунун натыйжасында, расмий булактардын ырастоосунда, эки согушкер туткундалды. Фаруки Исламабаддын террорчу деп шектелген адамдардын кара тизмесине киргизилген. 27-сентябрда Пакистандын мамлекет башчысы Первез Мушарраф коопсуздук күчтөрүнүн оперциясын жогору баалады:
- Биз террордук коркунучтун маанилүү булактарынын бирин жок кылдык. Ал менин өмүрүмө кол салуудан тышкары башка көптөгөн кыянаттыктаргаа катышкан.
Быйыл майда Пакистандын коопсуздук органдары өткөн жылдын декабрында президент Первез Мушаррафка болгон кол салуулардын аркасында Фаруки турганын аныкташкан.
Анда мамлекет башчы эки жардыруудан тең аман калган, бирок жанындагы 15 адам каза тапкан.
Эртеси Мушарраф мындай деген эле:
- Кол салгандар Пакистандын душмандары. Алар элдин жыргалчылыгы, алга жылуусу, өнүгүп өсүшү үчүн жасалып жаткан иштерибизге каршы. Алар бизди артка тарткысы келет.
Терроризмге каршы күрөштө Вашингтондун негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналган Исламабад өлкөдө жашырынып жүргөн алкаидачылар менен талиптерди жок кылуу операциясын баштагандан бери 600дөй согушкер кармалып, айрымдары АКШга өткөрүлүп берген. Июль айынан бери эле террорчу деп шектелген 70тей киши туткундалган.
Фаруки Харкат-уль-Жихад-э-Ислами деген ислам тобунун мүчөсү болчу. “Уол Стриит Жорнэлдин” жазганына караганда, согушкер 1999-жылы Индия аба жолдоруна таандык учакты качырууга катышкандардын бири деп шектелип жүргөн. Анда жүргүнчүлөрдү бошотуу үчүн Индиянын түрмөсүндө отурган 4 согушкер кое берилген.
Алардын арасында Ахмед Саед Шейх деген киши да бар болчу. Пакистандын чалгындоо кызматы дал ошол Саед 2002-жылы америкалык журналист Даниэл Перлду барымтага алган топту жетектегендигин аныктаган.
Фаруки Даниэл Перлду уурдоого түздө түз катышкан деп шектелүүдө. Перл 2002-жылы бир жума барымтада кармалып, камералардын алдында мууздалган. Ошондон бери Фаруки качып жүргөн.
Күбөлөрдүн айтымында, жекшембиде өкмөттүк аскерлер Фаруки менен бир нече согушкер баш пааналап жүргөн үйдү курчоого алып, ок ачышкан. Аларды сыртка сүрүп чыгуу үчүн жаш чыгаруучу газ колдонгон. Коопсуздук кызматкерлери болсо Фаруки денесине жардыргыч зат катып алды деген божомолдон улам, аны аткылоого алдык дешүүдө.
Исламабад Фарукинин өлтүрүлүшүн чоң ийгилик катары сыпаттаганы менен, кээ бир эксперттер муну менен aл-Кайиданын Пакистандагы турумуна олуттуу сокку урулду деп эсептөөдөн алыс.
Лондондук журналист Рахул Бединин пикирин угуп көрсөк:
- Бул окуя анча деле маанилүү эмес. Анткени ал-Каийданын ана башылары азыр ар кайсы жерде жүрүшөт. Демек, бир лидерди же бир нече жетекчини жок кылуу уюшманы олуттуу түрдө алсыратуу болуп саналбайт. Албетте ал-Kаийда үчүн бул чоң моралдык утулуш болду.
Фаруки террордук уюмдун таасирдүү оюнчуларынын бири болчу, бирок анын өлүмү терроризмге каршы күрөштүн бурулуш учуру болуп калбайт, - деп кошумчалайт Беди:
- Кабарларга караганда, ал эки үч жылдан бери aл-Каиданын бир катар жетекчилери сыңары Пакистанда жашырынып жүргөн. Согушкер уюмдун кооптуу бир бөлүкчөсүн башкарган aл-Kаийданын лидерлери экени чын. Бирок терроризмге каршы глобалдык кампанияны алсак, Фаруки чоң тегирмендин кичинекей тетиги сыңары.
Жекшемби күнкү рейддин натыйжасында пакистандык чалгынчылар маанилүү маалыматка ээ болушту өңдөнөт. Дүйшөмбүдө ошол эле Синдх аймагында террорчу деп шектелген үч киши кармалгандыгы жөнүндө кабар түштү.