Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

"ХАМАСТЫН" ДАГЫ БИР ЖЕТЕКЧИСИ ӨЛТҮРҮЛДҮ


Нарын АЙЫП, Прага 26-сентябрда Сириянын борбору Дамаск шаарынын алдында бир машине жарылгандан анын ичинде отурган адам дароо курман болуп, көчөдө басып бараткан дагы үч киши жараат алды. Өлгөн адам - "Хамас" уюмунун мүчөсү Изз эл-Диим ал-Шейх Халил болчу жана кээ бир кабарлар боюнча, аны Израилдин коопсуздук кызматтары өлтүрдү.

42 жаштагы Изз эл-Диим ал-Шейх Халил "Хамас" аттуу экстремисттик топтун белгилүү мүчөлөрүнүн бири болгон. Мурда ал Палестинада кармалып, 1992-жылы Израил жетекчилиги тарабынан аймактан кууп чыгарылган. Дамасктын айтымында, Сирияда он жылдан ашык жашаган учурунда ал эч террордук иштерге катышкан эмес, бирок кээ бир башка маалыматтарга караганда, Палестинада ишке ашырылган бир топ аракеттерге ал байланыш түйүнү болуп берген.

Халил эртең менен үйүнөн чыгып, "Мицубиси" машинесине отураары менен ал жарылып кеткен жана Сирия өкмөтү менен "Хамастын" жетекчилигинин айтымында, жарылууну Израил коопсуздук кызматы уюштарган "мамлекеттик террор" деп сыпатташ керек, анткени машиненин жанындагы эч күнөөсүз адамдар дагы жапа чекти. Жөөт өкмөтү эч кандай расми билдирүү жасаган жок, бирок Израилдин көз карандысыз маалымат каражаттарынын айтымында, аракетти чындап эле өлкөнүн чалгындоо кызматы уюштурган. Лондондо чыгуучу "Ал-Хайят" гезитинин жазганына караганда болсо, Халилдин кайсы жерде жашаганы тууралуу маалыматты "Моссад" аттуу жөөт коопсуздук кызматы араб чалгындоо уюмдарынан алган.

Израил өкмөтү көптөн бери эле террорчу деп шектелген же террорчулукту колдогон уюм жана адамдарга каршы мындай катуу аракеттерди көрүп келүүдө. 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан кийин АКШ жетекчилиги дагы террорчуларга каршы алдын ала эскертилбеген сокку урууга укуктуу экенин билдирди, Бесландагы барымтадан кийин болсо андай аракеттерди Маскөө дагы көрө ала тургандыгы жөнүндө Орусиянын аскерий ордосунун башчысы Юрий Балуевский жарыялады.

"Хамастын" басма сөз өкүлү Мушир эл-Масри болсо бул аракетти террорчулук деп атады:

- Сионисттик 'Моссад' бул жүрөксүз аракет менен кризисти Палестина аймагынан сыртка жайылтууда. Мындай өлтүрүүлөр же башка кылмыштар биздин жихадыбызыды токтото албайт. Израил саясытына каршы көрүлүп жаткан аракеттер үзүлбөйт. Премьер Шарон аймакты өтө коркунучтуу абалга түртүүдө. Бул өлтүрүү үчүн Израил жооп берет. 'Хамас' жаңы чабуул аракеттерин көрөт жана жөөттөр чоң баа төлөйт.

Израилдин коомдук коопсуздук министри Гидеон Эзранын айтымында болсо террорчулар бардык мүмкүн болгон ыкмалар менен жок кылынууга тийиш:

- Мен кайгырган жокмун. Палестинадагы окуяларга 'Хамас' Сириянын аймагынан таасир кылып турган. 'Хамас' Израилге коркунуч жаратууда. Алар эмне кылганын биз көрдүк. Жанкечтилик чабуулдардын кээ бирлерине 'Хамас' дагы катышкан жана террорго каршы биз кайда болбосун согушууга тийишпиз.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Израилдин коопсуздук кызматы "Хамастын" негиздөөчүсү шейх Ахмед Ясинди ракета менен атып өлтүргөн, апрелде болсо Хасиндин ордун баскан Абдел Азиз ал-Рантиси дагы өлтүрүлгөн, бирок ал чабуулдар Палестина аймагында ишке ашырылган, азыр болсо душманды жок кылуу аракети башка мамлекеттин аймагында жасалды. Анткен менен жөөт чалгындоо кызматтары мурда дагы мындай кадамдарга барган.

Мындан 25 жыл мурда Франция Иракка "Осирак" аттуу өзөктүк реактор куруп бергенде, Израилдин учактары 1981-жылы Ирак аймагына учуп кирип, станцияны бомбалап жок кылып салган. 1976-жылдын 27-июнунда болсо Израилден Парижди көздөй учуп чыккан учак барымтага алынып, Африканын Уганда мамлекетинде кондурулганда, Израилдин коопсуздук күчтөрү төрт миң чакырым алыстыкка учуп барып, барымтага алынган 83 жөөт жаранын 3-июлда бошотуп келген.

XS
SM
MD
LG