Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

ИРАКТА КАГЫЛЫШУУЛАР ЖАНА БАРЫМТАЧЫЛЫК УЛАНТЫЛУУДА


Америкалык аскер учактары Багдад шаарынын негизинен шийилер байырлаган Садр шаарчасы аталган маалелердеги козголоңчулар жайгашкан деп шектелген мерчемдерди бомбалады. Фаллужа шаарындагы айрым шектүү делген жайлар да бомбалоого алынды. Соңку окуяларга удаа Иорданиянын падышасы Абдулла Иракта келээрки январда жалпы шайлоо өткөрүүгө эртелик кылат деп билдирүү жасады. Ал эми Иракта барымтага алуу окуялары оңой менен соңуна чыкчудай көрүнбөйт.

Шейшемби күнү Багдаддын Садр шаарчасында америкалык учактардын бомбасынан набыт болгон кишини акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү келме келтирүү, кошок, күрөшкө чакырыктар менен коштолуп жатты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, АКШнын аскер учактары менен танктары шийи жоочуларына каршы салгылашуунун жүрүшүндө бир канча үйлөрдү кыйратышты. АКШ аскер жетекчилиги жоочулар топтошкон жайларды таамай аткылашканын билдирди. Садр шаарчасынын тургуну Али Мутлак «Азаттык» үналгысы үчүн курган маегинде мындай билдирүүнү төгүнгө чыгарды:

- Адаттагыдай эле аскер учактары эч кандай себепсиз эле бомба таштап кетти, мында эч кандай каршылык көрсөтүү аракети болгон эмес. Демейде алар минтип айтышат: «Мехди армиясы бизге каршы чабуул койду», бирок кечээ андай деле чабуул жасалган эмес. Жабыр тарткан катын-калачта эмне күнөө? Алар ойрон кылып таштаган үйлөрдө эмне айып?

Өлкөдө коогалаңдуу кырдаал сакталууда. Басра шаарындагы кагылышуулардан улам эки британ жоокери набыт болду. Киркук шаарында исламчы жоочулардын жетекчиси катары шектелген бир киши АКШ аскерлери тарабынан камакка алынганы кабардалды. Суннийлер үстөмдүк кылган Фаллужа шаарында Абу Мусаб аз-Заркавинин тарапкерлерине таандык деп жоромолдонгон үй ойрон кылынды.

Заркавинин тобунун өкүлдөрү болсо барымтадагы британдык инженер Кеннет Бигли (Kenneth Bigley) дагы эле алардын колунда экенин билдиришти.

Британиядагы Мусулмандар кеңешинин өкүлү Инайат Бунглавала (Inayat Bunglawala) мырза бул барымтага алуу окуясын терең айыптаарын «Азаттыкка» билдирди:

- Кен Биглини барымтада кармап турган Абу Мусаб аз-Заркави жетектеген «Тавхид ва-л-Жихад» тобу өздөрүн мусулманбыз дешет. Алар барымтачылык иш-аракетин исламга негизденип актоого далаалаттанууда. Ал эми биз исламга жамынып алып барымтадагыларды өлтүрүүнү жана жазыксыздардын канын төгүүнү четке кагабыз. Ислам ушул сыяктуу канкордукка жол берет деп айтуунун өзү - динге каршы акаарат кылуу деп ишенебиз.

Ал эми өткөн аптада барымтага алынган алты мысырдыктын бирөө бошотулганын бүгүн, шейшембиде, Мысырдын Ирактагы элчиси Фарук Мабрук (Farouq Mabrouq) маалымдады:

- Биздин оюбузча, мысырдыктарды барымтага алган бул топтор саясий максатты эмес, эптеп акча өндүрүүнү көздөгөндөр. Барымтадагыларды бошотууга багытталган ар кандай аракетти баалайбыз, анткени мындай кадам барымтада жаткандар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн адамгерчилик кылууга жатат. Бул кишилер ирак элине кызмат кылуу жана Иракты кайра куруу үчүн салым кошуу мүдөөсү менен бул өлкөгө келген болчу.

Азыркы коогалаңдуу кырдаалга баа берип, Иорданиянын падышасы Абдулла келээрки жылдын январына белгиленген парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн эртелик кылат ко деген пикирин айтты. Ал эми АКШ өкмөтү болсо 2005-жылдын январында Иракта жалпы шайлоо өткөрүүгө мүмкүн экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG