Үч күндөн бери Аскар Акаев АКШда жумушчу сапар менен жүрөт. Ал 28-сентябрда БУУнун 59-сессиясында талкуу учурунда сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы терроримзге каршы күрөшкө, Ооганстандагы кырдаалга, Кыргызстан менен Улуттар уюмунун кызматташтыгына, дүйнөлүк саясаттагы бул уюмдун ордуна токтолду.
11-сентябрлдагы таргедиядан кийин эл аралык коомчулуктун алдында эң башкы мүдөө терроризмге каршы күрөш болуп калганын белгиледи. Бесландагы каргашалуу окуяны эскерүү менен дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун ишке ашкан террордун бейкүнөө курмандыктары үчүн терең кайгырабыз, деди Аскар Акаев.
Ушул өңдүү дүйнөлүк масштабдагы көйгөйлөр менен күрөшүүдө Бириккен улуттар уюмунунун ролун жокко чыгарууга болбойт деп эсептейт ал. Ал эми Кыргызстандын турмушундагы Улуттар уюмунун ордуна токтолуу менен терең ыраазчылык билдирип жатып Аскар Акаев мындай деди:
-Кыргызстандын тышкы саясатынын бирден бир насааты ушундай, кичинекей мамлекеттин чоң достору болуш керек. Мындай ынак достордун бири Бириккен улуттар уюму болуп саналат.
Ошондой эле президент Аскар Акаев сессиянын катышуучуларына анча өнүкпөгөн тоолуу өлкөлөрдүн тышкы карызын жоюу боюнча резолюция кабыл алуу сунушу менен чыкты:
-Мен Башкы ассамблеянын ушул сессиясында анча өнүкпөгөн тоолуу өлкөлөрдүн тышкы карызын жоюуну рекомендациялаган атайын резолюция кабыл алууну сунуштайт элем. Бул алардын ар тараптуу өнүгүшү үчүн жана жакырчылык менен күрөшүүдө чоң түрткү болмок. Кыргыз делегациясы башка делегациялар менен бирдикте резолюциянын тиешелүү долбоорун Башкы Ассамблеянын көңүл борборуна коюуга даяр .
Ошондой эле мамлекет башчынын айтымында, Кыргызстан чоң державалардын тирешер эмес, эл аралык терроризмге каршы бирге күрөшөр аймагы бойдон калмакчы.
Аңгыча Нью-Йорктун чок ортосу Манхэттенде кыргыздар пикетке чыкты. «Арнамыс» партиясы уюштурган бул акциянын башкы талаптарынын бири Аскар Акаевдин кийинки президенттик шайлоого катышпай, шайлоонун мыйзамдуу жана демократиялуу өтүшүнө шарт түзүү жана Феликс Куловго эркиндик берүү болуп саналат.
"Арнамыс" партиясынын мүчөсү, Америкада убактылуу жашап аткан Урмат Советовдун телефон аркылуу билдиргенине караганда, англис тилинде жазылган ураандарды көтөрүп, БУУнун имаратынын алдында бир канча түбү кыргызстандыктар турушту.
Ал эми президент Аскар Акаев кийинки шайлоого катышпайм деген өңүттө бир нече ирет сүйлөгөнү бар. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев бул маселени оппозициялык маанайдагы партиялар шайлоолор алдында өлкөдө кырдаалды олку-солку кылыш үчүн атайын козгоп атышат деген пикирин "Азаттыкка" билдирген болчу.
Нью-Йорктогу пикетке катышып аткан кыргызстандыктар Аскар Акаев тымызын кийинки мөөнөткө даярданууда деп ойлошот. Пикетке катышып аткан Болот Айдаров телефон аркылуу "Азаттыкка" мындай оюн билдирди:
-Аскар Акаев тымызын өз алдынча кийинки мөөнөткө даярданып аткандай түрү бар. Он төрт жылда эл үчүн эчтеке жасай алган жок, мындан ары да жасай албайт. Элдин да убалынан коркуш керек, андыктан мыйзамдуу жол менен кийинки муундарга кезек беришин каалайбыз.
Болот Айдаров Чикагодо төрт жылдан бери жашайт экен. Америкада жыргал турмуштун айынан жүргөн жокпуз дейт ал. Анын айтымында, Кыргызстандагы жумушсуздук менен жакырчылыктын айынан кыргыздар Америкага келип, жалаң кара жумушта иштешүүдө.
Ал эми Айдар Сагыналиев сырттан караган адамга Кыргызстандын акыбалы даана көрүнүп турат дейт:
-Мисалы, биз Чикагодо 50дөй кыргызстандыктар жашайбыз. Баарыбыз бир пикирдебиз. Кыргызстан туңгуюкка түшүп баратат. Биз баарыбыз Кыргызстанга кайтып барып бул жактан алган билимибизди тажрыйбабызды Кыргызстанды калыбына келтирүүгө арнагыбыз келет. Биздин көкүрөгүбүздө ата мекенибиз үчүн тынчсыздануу жана бушаймандык бар.
Пикетчилердин башкы талаптарынын бири Феликс Куловдун эркиндикке чыгарылышы. Саясий башпаанек алып, Нью-Йоркто үч жылдан бери жашап аткан Наима Кулова буларды айтты:
- Биринчиден, Аскар Акаев кайрадан президенттикке ат салышуусун каалабайбыз. Экинчиден, менин күйөөм Феликсти бошотушун талап кылуудабыз. Ошондой эле шайлоо мыйзамдуу, таза жана ачык өтүшүн каалайбыз.
Нью-Йорктогу пикеттин катышуучулары Бишкектен барган кыргыз делегациясынан эч кимди жолуктура алышпаганын жана кыргыз консулдугуна алдын-ала айтылса да, бири да кабар албаганын айтышты. Бул пикетке катышкан 20дан ашык адам менен Эл аралык адам укугу лигасынын өкүлдөрү баарлашты.
Сүрөттө: Нью-Йоркто өткөн пикеттен көрүнүш.
"Арнамыс" партиясынын фотосу.