Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

АКШ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАН КОРГОО ТАРМАГЫНДА КЫЗМАТТАШАТ


Эки күндөн бери АКШнын коргоо тармагынын делегациясы Кыргызстанда иш сапар менен жүрөт. Делегацияны коргоо министринин Евразия боюнча жардамчысынын орун басары Жеймс МакДугалл жетектеп келди. Бирок жолугушуулар чакан чөйрөлөрдө өтүп, аларга маалымат каражаттары чакырылган жок. Делегациянын башкы максаты - кызматташтыктын беш жылдык программасын биргелешип, иштеп чыгуу экенин Кыргызстандын коргоо министрлиги кабарлады.

Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев баштаган аскерий жетекчилик менен Кошмо Штаттардан келген аскерий делегациянын ырасмий жолугушуулары бейшемби күнү башталды.

Басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, бийик деңгээлдеги алгачкы жолугушууда тараптар кызматташтыктын болжолдонуп жаткан беш жылдык программасынын алкагында пикир алышты. Ушул эле максатта АКШ эки тараптуу жолугушууларды 2002-2003-жылдары Вашингтондо жана Монтана штатынын Хелен шаарында уюштурган болчу. Ал эми Бишкекте америкалык эксперттердин катышуусунда бейшембиде өткөн отурум тууралуу коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Мурат Ашырбеков төмөнкүдөй маалымат берди:

- Америкалык аскерий делегация жетекчилиги (Жеймс МакДугалл-авт.) өз сөзүндө Кыргызстан менен аскерий мамилени өркүндөтүүнү, Борбор Азия аймагындагы коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоону башкы багыттар катары белгиледи. Бул - ириде терроризмге каршы биргелешип күрөшүү, маңзаттарды жана куралдарды сатуунун жолун бөгөө, тынчтык орнотуучу жана атайын багыттагы күчтөрдү даярдоого жардам көсөтүүнү улантуу маселелери менен байланыштырылды.

Ал эми Борбордук командачылыктын өкүлү, бригадалык генерал Чип Диэл эл аралык терроризмге каршы күрөш үчүн дүйнөдөгү 80 мамлекеттин башын кошкон 11-сентябрдын сабактарын эстен чыгарбоого чакырды жана Кыргызстанды бул күрөштүн активдүү катышуучуларынын катарында атады.

Америкалык аскерий делегация сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстанга зарыл жардамдарды көрсөтүүгө дайым даяр экенин билдирди. Кыргызстан тарап болсо террорго каршы биргелешкен операцияларды жабдуу үчүн маалымат-технологиялык борбор түзүүгө, Түштүк аскерий топтун жана Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайдын материалдык базаларын чыңдоого кызыкдар болууда.

Тараптар даярдалып жаткан беш жылдык программанын мазмуну, кабыл алчу мөөнөтү тууралуу кеңири маалымат берише элек.

АКШ менен Кыргызстандын аскерий кызматташтыгындагы акыркы аракеттерге байкоочулар ар кыл баа берип жатышат. Маселен, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Абдимомунов америкалыктардын Кыргызстан менен аскерий кызматташтыкка умтулуп жатышын жагымдуу көрүнүш катары баалайт.

-Биринчиден, «Ганси» аскерий базасын эске албаганда, Кыргызстан менен Батыш мамлекеттери, НАТО, анын ичинен Америка менен болгон аскерий кызматташтыктын деңгээли жакшы эмес.


Абдимомунов андан ары мындай деп сөзүн улантты:

- Бирок аны кеңейтүүчү тенденциялар байкалып жатат. Ал азырынча «Ганси» менен гана байланыштуу да. Анан аскерий кызматташтыкты негиздегидей саясий байланыш да жок болуп атпайбы, же союз эмеспиз же кошуна эмеспиз. Алар менен бир гана «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасы деп, терроризмге каршы деп гана мамиле түзүп жүрбөйбүзбү. Мындайда келип турганы жакшы. Келбей койгон жаман да.

Алишер Абдимомунов Кошмо Штаттардын Кыргызстанга ынтаа коюп жатышын Борбор Азияда таасирин жоготпоо жана Ирак боюнча өнөктөштөрдү табуу аракетине да байланыштырат:

- Бул көбүрөөк мамлекеттер менен сүйлөшүп, келишип алып, анан Ирактагы жагдайды оңдоого аракет деп ойлойм.

Жергиликтүү эксперттердин божомолунда АКШ Кыргызстанга көрсөтүп жаткан аскерий жалпы жардамдын өлчөмү 100 миллион долларга чамалап калды. Алгач 3 миллион долларлык жардам Баткен окуясынын учурунда берилген.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин баамында АКШ Кыргызстанды эки максатта колго алгысы келет. Биринчиден, Кыргызстанды бул өлкө Кытай, Ооганстан, Индия мамлекеттери менен жанаша жайгашкан стратегиялык түйүн катары санайт.

Экинчиден, Шанхай кызматташтык уюму, Коллективдүү коопсуздук келишим уюму менен келаткан кызматташтыктын чыңалышына каршы көрсөтүлгөн кадам деп эсептесе болот. Анткени, Россияда ашык каражат болбогондуктан, ал уюмдарга жетиштүү деңгээлде колдоо көрсөтө албай калып жатат. Америкалыктар ушул кемчиликти өзүнүн кызыкчылыгына пайдалануу үчүн жанагыдай беш жылдык карым-катыштык пландарын түзүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG