Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:31

Франция менен Германия Түркияны Евробиримдикке мүчөлүккө алууну колдошот


Бүгүн Франциянын президенти Жак Ширак менен Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр Страсбургда жолугушуп, Түркияны Европа Биримдигине мүчөлүккө алуу маселесин жана Ирактагы кырдаалды талкуулашты. Сүйлөшүүлөргө Франциянын жана Германиянын Тышкы иштер министрлери да катышышты.

Бул сүйлөшүү Түркияны Евробиримдикке кошуу-кошпоо тууралуу Еврокомиссия өз жыйынын өткөрүү алдында өттү. Жыйынтыгында Ширак менен Шрөдер Түркияны мүчөлүккө алууну колдошту. Ал эми Ирак тууралуу маселелердин баарын жакында өтүүчү эл аралык конференцияда талкууламай болушту.
XS
SM
MD
LG