Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

БУШ-КЕРРИ: ЭКИ АТААНДАШТЫН ЭГЕШИ


Президент Жорж Буш менен анын башкы атаандашы сенатор Жон Керри Флорида штатындагы Майами университетинде шайлоо алдындагы саясий алымсабак айтыштардын биринчи айлампасын өткөрүштү. Токсон мүнөткө созулган талаш-талкууда тышкы саясат,айрыкча Ирак темасы козголду. Телетаймаш аяктаган соң өткөрүлгөн сурамжылоодо сенатор Керриге купулу толгондор арбыныраак болуп чыкты. Жалпы коомдук пикирде болсо президент Бушту колдогондор азырынча бир нече процентке көп.

Эки атаандаштын эгеши террор темасынан,Ирак проблемасынан башталды. Сенатор Жон Керри Ирактагы уруш дүйнөлүк террорго каршы күрөштүн огунан оолактап кеткен иш болгонун, Саддам Хусейнди дипломатиялык ыкмалар менен бийликтен кулатуу мүмкүндүгүнө президент Буш этибар бербей койгондугун белгиледи. “Президент учурунда абайлуу план түзөрүн, бардык иш астамдык менен жасаларын, согуш айныксыз максат эместигин жана буга союздаштар менен гана барарын айткан эле. Ал мунун бирин да жасаган жок”, - деп айтты Керри. Сенатор андан соң Буштун жаңылыш саясатынан Ирактагы бардык чыгымдын 90 процентин америкалык аскерлер көтөрүп, жалпы калк салыктардын 90 процентин ушу урушка сарптап жаткандыгын белгиледи.

Жорж Буш атаандашынын айыптарын четке какты. Иракты ал дүйнөлүк антитеррордук согуштун башкы майданы деп атады. Эмнеге дегенде террорчулар эркиндикке каршы урушуп жатышат. Ооганстан менен Ирак эркин өлкөгө айланса, алар үчүн бу чоң сокку болмокчу. ”Менин жетекчилигим менен биз Иракта жеңишке жетишебиз”, - деп айтты Буш.

Буш атаандашынын бир кезде “Саддамсыз дүйнө алда канча кооптуу болот” деп айткан кебин эске салып, сенатордун өз позициясын өзгөртүп турмай өнөкөтү бар экенине басым жасады. Керри өз жообунда Иракта өтө зарыл болгон учурда гана күч колдонуу планын колдогонун, Буш болсо идеяга чукактыгынан улам бир беткей кадамдарды жасап жатканын көрсөттү.

Россиядагы соңку окуяларга байланышкан маселеге кайрылып, Буш президент Путинди антитеррордук күрөштөгү күчтүү союздаш катары баалады жана эгер экинчи мөөнөткө бийликте калса, аны менен дагы төрт жыл активдүү алака түзгөнгө убада берди. Путиндин акыркы саясий демилгелери боюнча Буш өз пикирин айтканын, Россия азыр өткөөл кезеңде турганын, ошондуктан орус президентине туура чечим табуу айрым учурларда кыйын болорун белгиледи. Ошону менен бирге Буш АКШ, Батыш лидерлери демократиянын шартында гана орус калкы көксөө-тилектерин, максат-мураттарын жүзөгө ашыра аларын Путиндин эске салып турганы да абзел экенин кошумсалады.

Сенатор Керри Путиндин демилгелери аны комутта калтырганын жашырбады. “Президент Путин азыр бардык телеканалдарды контролдоп алды, саясий оппоненттерин камай баштады”, - деп айтты демократтардын талапкери. Россия менен кызматташуу маанилүү экенин Керри ырастады, бирок АКШ качан болсун демократияны жактай турганын эскертти.

Талкуу-талаш маалында башка да маселелер, анын ичинде Түндүк Корея проблемасы сөз болду. Керринин көз карашында, Пхеньян менен тике сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. Буш болсо азыр жүрүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүлөр алда канча үзүрлүү болорун ырастады.

Эки атаандаштын теледеги таймашын миллиондогон америкалыктар байкап-багып турушту. Эксперт-байкоочулар эки атаандаш тең айрым так эместиктерди кетиргенине карабастан, негизинен эгей-шыгай экенин көрсөттү дешет.

Саясий эгештердин экинчи айлампасы эми 8-октябрда болмокчу.

XS
SM
MD
LG