Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

ЕККУнун адам укуктары боюнча жыйынына кыргызстандыктар да катышат


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократия жана адам укуктары боюнча бюросу 4-15-октябрда Варшава шаарында адамдык ченемдер боюнча кезектеги жылдык жыйынын өткөрөт. Ага кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерден өкмөттүн, бейөкмөт уюмдардын, эларалык эксперттердин 100дөгөн өкүлдөрү катышат.

Жылдык жыйында адам укуктарынын, маалымат каражаттарынын абалына, шайлоого, адам аткезчилигине, улуттар аралык мамилелерге жана адамдардын жыйын куруу эркиндиктерине байланышкан маселелер каралат. Бул отурумга Кыргызстандан «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын, Адам укугун коргоо боюнча жаштар уюмунун, «Справедливость» өңдүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышаары болжолдонуп жатат.

XS
SM
MD
LG