Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Палестин автономиясында чукул абал жарыяланды


Автономиянын бийликтери Израилдин Газа тилкесиндеги масштабдуу операциялары ушундай кадамга аргасыз кылгандыгын айтышууда. Акыркы төрт күндүн ичинде бул жерде элүүгө чукул палестин адамы өлдү. Палестин премьери Ахмед Куреи операцияны айыптап, муну менен Израил региондогу кырдаалды жөнгө салууга багытталган эл аралык аракеттерди үзгүлтүккө учуратып жатканын билдирди. Бул анык кылмыш, деп айтты ал, жөөттөр көз көрүнө, таламандын тал түшүндө палестиналыктарды кырып, үйлөрүн кыйратып жатат. Тилекке каршы, дүйнө коомчулугу үн катпай карап олтурат, деп кошумчалады Куреи.

XS
SM
MD
LG