Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН БАСМА СӨЗҮНҮН АБАЛЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Мындан ары «Азаттык» радиосу «Кыргыз көчү» аттуу рубрикасынын алдында чет өлкөлөрдөгү кыргыздардын жашоо-турмушун чагылдырып турмакчы. Ал эми бул ирет Кытайдагы кыргыздардын маалымат каражаттары тууралуу сөз болот.

Кытайдагы кыргыздардын басма сөз каражаттары 1954-жылы өлкөнүн Шинжаң аймагында Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусу түптөлгөндөн кийин гана пайда болгон. Ал эми ага чейин Шинжаң кыргыздары «Иле Шинжаң гезити», «Тарим», «Кашкар Шинжаң гезити» сыяктуу уйгур жана казак басылмаларын пайдаланууга мажбур болушкан. Иле, Тарбагатай аймагында жашаган кыргыздар өздөрүнүн макала, ыр жана башка чыгармаларын казак тилинде, ал эми Кашкар аймагындагы кыргыздар уйгур тилинде жазышкан.

Кытайдагы кыргыздардын алгачкы басылмасы - «Кызылсуу гезити» 1957-жылдан бери чыгат. Анда саясий-экономикалык жаңылыктар, анын ичинде облустагы башкы окуялар, кыргыздардын турмушу чагылдырылып турат. Бул гезитти Кызылсуу дубанында гана эмес, Иле аймагында, Үрүмчү шаарындагы кыргыздар да үзбөй окушат.

Ал эми облустун Акчий, Улуучат райондорундагы кыргыздар үчүн бул басылма өлкөдөгү жана облустагы жаңылыктарды кабарлап турган жалгыз гезит болуп эсептелет. Бул жөнүндө Акчий районунда туулуп өскөн, учурда Үрүмчү шаарындагы Техникалык институтта окутуучу болуп ишетеген Нургазы Жумалы мындай дейт:

-Эми Кызылсуу облусунун Акчий, Улуучат, Актоо жана Артыш шаарларындагы Каражүл, Тегирмети айылдарында бардык маалыматтарды, кыргыздарда болуп жаткан жаңылыктарды ушул «Кызылсуу гезитинен» гана окушат. Бул гезит кыргыздардын бардык райондоруна таркатылат. Ошондой эле кыргыздардын бир бөлүгү - уйгур гезиттерин да окушат.

«Ал эми Тарбагатай аймагындагы кыргыздар негизинен казак жана кытай тилиндеги басылмаларды окушат», - дейт тарбагатайлык кыргыз Эрбол Дава:

- Тарбагатайдагы кыргыздарга "Кызылсуу гезити" барбайт. «Шинжаң кыргыз адабияты» жана «Тил жана котормо» журналдары деле чанда келет. Ошондуктан, тарбагатайлык кыргыздар Иледе чыккан казак тилиндеги басылмаларды жана кытай тилиндеги гезит, журналдарды окушат.

1981-жылы ачылган «Шинжаң кыргыз адабияты» журналы Үрүмчү шаарынан айына эки ирет чыгып келатат. Анда Кытайдагы кыргыз акын, жазуучуларынын жаңы чыгармалары, ал эми тарыхчы, санжырачы, илимпоздордун иликтөөлөрү, макалалары жарыяланат. Журналда ошондой эле Кыргызстандык акын-жазуучулардын чыгармалары да окурмандарга тартууланып турат. Бул журнал Кытайдагы кыргыздардын сүймөнчүгүнө айланган. Журналга облустагы кыргыздардын дээрлик баары жазылышат.

«Шинжаң кыргыз адабиятынын» редакциясынан билдиришкендей, журнал мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланат. Бирок айына эки жолу гана чыккандыктан, редакцияга келип түшкөн макала, ырлардын, жаңы чыгармаларынын баарын жарыялоого мүмкүнчүлүк болбой жатат.

Шинжаң кыргыздарынын дагы бир журналы - «Тил жана котормо» журналы. 1985-жылдан тарта чыгып келаткан бул журналда кыргыз тили, кыргыз жазуусу, кыргыз тилин которуу маселелери чагылдырылат. Бул жөнүндө аталган журналдын башкы редактору Макелек Өмүрбай мындай дейт:

- Биздин журналдын башкы максаты: кыргыз тилинин жазуусун, анын грамматикасындагы талаш-тартыштуу маселелерди изилдейт. Жакындан бери биз мурдагы сөздөрүбүздүн «бал челеги» - Манас тилин изилдөө багыттарын баштадык. Анткени, кыргыз тилинин маданияты, кыргыз адабий тилинин өлчөмү Манас тилин көрөңгө кылуу керек. Азырга чейин журналдын 85 саны чыкты. Быйыл журналдын көлөмү чоңойтулду. Жасалгасы да жакшыртылды. Окурмандарыбыз көп.

Үрүмчү шаарында ошондой эле Шинжаң радиостанциясындагы кыргыз радиосу күнүнө эки сааттык уктуруусун обого чыгарат. Радионун берүүлөрү дүйнөлүк кабарларды, Кытай мамлекетиндеги, анын ичинде Шинжаң аймагындагы, Кызылсуу облусундагы саясий, экономикалык жана маданий жаңылыктарды камтыйт. Андан ошондой эле кыргыздардын ыр-күүлөрү тынбай берилип турат.
XS
SM
MD
LG