Абхазиянын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сергей Смырдын билдиргенине караганда, «топтолгон материалдын эсеп-кысабын чыгаруу дагы да улантылат».
Көз карандысыз булактан алынган маалыматка караганда, Сухумиде лидерди тандоонун экинчи айлампасы сөзсүз өтө тургандай. Беш талапкердин ичинен алдыга озуп чыккан Рауль Хаджимбаны анализчилер Москва колдоого алган киши дешет.
СССР бар кезде КГБнын офицери болуп иштеген Хаджимба «эларалык коомчулуктун Абхазияны таанышы үчүн күрөшөм жана Орусия менен экономикалык кызматташтыкты арттырам» дегени менен, иш жүзүндө Кремлдин көзүн карап, саясат жүргүзчүдөй дешет байкоочулар. Шайлоодо экинчи орунду ээлеген Сергей Багапш тескерисинче Грузия менен жакшы байланышта дешет.
Орусиялык анализчи Андриан Мигронян 4-октябрда «Эхо Москвы» үналгысына берген маегинде Абхазиянын биринчи президенти Владимир Ардзинбаны өз элин күнкорсуздукка баштап чыккан лидер деп баалады:
- Абхазиянын өз алдынча жеңиши болгон. Эгерде фактыга такап карай келгенде ал өзүнүн мамлекетин түзүп берген.
Мигронян ошол себептен Сухумиде өтүп аткан шайлоо өтө маанилүү дейт.
Бул ойду орусиялык саясий анализчи Сергей Корзунов улайт. Бирок ал Москва буга дейре айтып жүргөн «Грузиянын бөлүнүп-жарылбашына тилектешпиз» деген ырасмий пикирден да бөлөк ой-тилек бар экенин айтты:
- Чындыгында, бул маселени абхаз эли өзү чечиш керек. Андай кадамды Москва колдоого алууга тийиш деген пикир
Корзунов андан аркы кебинде: «Саакашвили шайлоо өткөркөргөндө ага Абхазия менен Түштүк Осетияны кошкон жок, ошону менен ал бул жерлердин Грузиянын карамагынан четте калышына жол берди» дейт:
-Ошондон тартып Түштүк Осетия да, Абхазия да эл аралык укуктагы субъектерге айланышты.
«Рауль Хаджимба алдыда келе жатат, буга пикириңиз кандай?» деген «Азаттыктын» суроосуна Грузиянын мамлекеттик министри Георгий Хаиндрава: «"Хаджимба менен сүйлөшүү кыйын болот" дегенге мен кошулалбайм. Эгерде, биз - грузиялык саясатчылар Орусия менен тил табыша алсак анда бул маселени оңой чечүүнүн жолу өзүнөн өзү ачылат», - деди.
Андан аркы суроо Грузиянын болочокто федералдык мамлекетке айланышы туурасында болду. Мындан мурда Грузиянын жетекчилиги "Ажария, Абхазия, Түштүк Осетия менен бир федерация түзөбүз" деген эле. Министр Хаиндраванын жообу бул маселеге карата мындай болду:
- Федерация болобуз, бирок албетте Абхазиянын (укугу - ММ) жөн эле федерацияга кирүүдөн саал артыгыраак болот.
Абхазиянын мыйзамына ылайык ким добуштардын 50 пайызын жана ага үстөк бир добуш утуп алса ошол киши жеңишке жетти деп эсептелет. Андай болбогондо эки аптадан кийин шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт.