Борбордук шайлоо комиссиясы аталган билдирүүнү «Республика» гезити 29-сентябрда жарыялаган «Глухонемые выборы» деген макалага байланыштуу таратты. Аталган макаланын автору, Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер Жолборс Мырзапаязов Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо өнөктүгүн уюштуруу ишин сынга алып, ага шайлоо алдындагы үгүт иштерине убакыттын аз берилгендиги, телевидениеде акы төлөнбөгөн көрсөтүү үчүн убакыт бөлүнбөгөндүгү жакшы далил экендигин жазган. Борбордук шайлоо комиссиясы макала авторунун дооматы негизсиз экендигин билдирип, андай дооматтарды Шайлоо кодексин кабыл алган парламентке жолдоону сунуш кылган.
Ал эми макаланы жарыялаган «Республика» гезити Шайлоо кодексининин 30-беренесинин 11-пунктунда жазылган талаптарды, тактап айтканда, редакция үгүттөө багытында жазылган материалды жарыялаганы үчүн алына турган акынын өлчөмүн Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына алдын-ала билдирүү талабын аткарган эмес деп кинелеп, мыйзам бузуу боюнча жаза тартаарын эскерткен.
«Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова Борбордук шайлоо комиссиясынын кинеси орунсуз, себеби көз карандысыз маалымат каражаты материал үчүн алына турган акыны коммерциялык сыр катары ачыкка чыгарбайт деп билдирди. Ал "комиссия билдирүүнү оппозициячыл маанайдагы көз карандысыз гезитти келерки парламенттик шайлоо алдындагы үгүт ишинен алыстатуу жана да башка эркин басылмаларды коркутуу үчүн жарыялады" деген пикирде:
- Биз мыйзамды бузган жокпуз. Бузалы деген да оюбуз жок. Бирок алар келе жаткан парламенттик шайлоо алдында катуу аракет кылып, көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишин токтотуп, чыгарбай коюуга аракет жасап жатышат. Ушундай ой менен ар кандай шылтоо таап бизди саясаттан четтетип, шайлоо процессинен чыгарып салышат.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Көкүмбай Турусбеков Замира Сыдыкованын пикирин четке кагып, комиссия билдирүүнү Шайлоо кодексинин талабын орундатпагандыгы үчүн гана жарыялагандыгын жана бул жерде эч кандай саясий мүдөө жок экендигин билдирди:
- Шайлоо кодексинин 30-беренесинин 11-пунктунда «Шайлоо өнөктүгү жарыялангандан кийин беш календардык күндөн кеч эмес убакыттын ичинде акы көлөмү шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык талапкерлерге эфир убактысын жана басма сөз аянтын берүүгө даяр экендигин билдирүү менен бирге шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш» деп жазылган. Тийиш деп жазылгандан кийин ал милдеттүү экендигин билдирип турат да. Мен бул жерде эч кандай саясий мүдөөнү көргөн жокмун.
Анткен менен билдирүүгө Борбордук шайлоо комиссиясы мындай кадамга мурдатан даярданган жана мындан кийин да ушундай чектөөлөр жасалат деп баа бергендер арбын. Алардын бири - «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюумунун төрайымы Төлөкан Исмаилова:
- Мындай окуя сөзсүз түрдө жасалмак. Анткени бул сценарий эки жылдан бери даярдалган. Биздин өкмөт аны даярдоочу технологдорду Орусиядан алып келген. Аны биз көрүп турабыз.
Ал эми массалык маалымат каражаттарынын иши боюнча кеңеш берүүчү Медиа өкүлчүлүк институтунун ага юристи Илим Карыпбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы орундуу, анткени Шайлоо Кодексининин 30-беренеси үгүт материалы үчүн акы көлөмүн алдын-ала маалымдоону талап кылат деп билдирди. Анын ою боюнча, билдирүү тескерисинче кодекстин ушундай талабы бар экендигинен кабары жок тараптар үчүн пайдалуу болду:
- Менин оюмча, ушундай талап бар экендигин эскерткен билдирүүгө ыраазы болуп, мындан ары ошондой катачылыктарды кетирбөөгө аракет кылуу керек. Анткени Административдик кодекстин талабы боюнча мындай аракеттерге каршы айып салынат. Борбордук шайлоо комиссиясы билдирүү гана таратып, эскертип жатат.