Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:10

ИРАК: АТУУЛДУК КӨЗӨМӨЛ АСКЕРИЙ ЖЕҢИШТЕЙ ЭЛЕ ООР БОЛУШУ МҮМКҮН


АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфелд Иракта козголоңчулар ээлеп турган жерлерде көзөмөлдү калыбына келтирүү үчүн ири масштабдагы аскерий операциялар зарыл деп эсептейт. Рамсфелд мунун ийгиликтүү мисалы катары сунниттер басымдуулук кылган Самарра шаары үч күнкү чабуулдун натыйжасында козголоңчулардан кайтарылып алынышын атады. Бирок аналитиктердин пикиринде мындай жерлерде аскерий жеңиштин артынан атуулдук көзөмөл орнотуу маанилүү жана ал татаал болушу мүмкүн.

Нью-Йоркто, Эл аралык байланыштар Кеңеши деп аталган уюмдун жыйынында сүйлөгөн учурунда Дональд Рамсфелд Иракта атуулдук согуш болот деп күтпөсүн билдирди. Июль айынын соңунан бери козголоңчулардын колунда болгон Самарра шаарынын кайтарып алынышын январь айына белгиленген шайлоо алдында өлкөнү стабилдештирүүдөгү ийгиликтин далили катары мисалга тартты.
Самарра башкалаа Багдаддан 100 чакырымча түндүк-батышта жайгашкан. Сунниттердин Үч буррчтугу делген аймакка кирет.

АКШ Коргоо министринин сөздөрүнө караганда, Самаррадагыдай аскерий операциялар Ирактын козголоңчулар бар башка жерлеринде – Фаллужа, Бакуба шаарларында, Багдаддын Садр шаар деген районунда орун алат сыяктуу.

Бирок аналитиктер өлкөдөгү саясий жараяндын келечеги үчүн аскерий жеңиштин артынан атуулдук көзөмөл орнотуу андан да маанилүү деп эсептешет. Ал эми атуулдук көзөмөл орнотуу татаал болгондуктан, аскерий жеңиштин маанисин жокко чыгарышы мүмкүн. Эгер андай көзөмөл орнотулбаса, шайлоонун өтүшү күмөн туудурат. Кокус сунни мусулмандарынын көпчүлүгү добуш бербей калса, алар январдагы шайлоодон кийинки саясий жараяндардан да четтеп кетүү коркунучу бар.

Яхия Саид Экономикалык жана саясий изилдөөлөр боюнча Лондондогу институттун изилдөөчүсү. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде АКШ жана Ирактын өкмөтү кандайдыр бир аскерий жеңиштер өзгөрүлбөсүн кепилдөө үчүн жергиликтүү тургундар менен кызматташышы керектигин белгиледи:

-Узак мөөнөттө сиз шаарды көзөмөлдөө үчүн сиз жергиликтүү калктын кандайдыр бир деңгээлде макулдугуна, кызматташтыгына муктажсыз. Бул болбой жатат.

Яхия Саиддин көз карашында, жалгыз аскерий операцияга эле ишене берүү шайлоо алдында эл арасында каршылыктын күчөшүнө гана кызмат кылышы ыктымал. Маселен Самарра шаары кайтарылып алынганы менен жергиликтүү тургундар, дарыгерлер жөн-жай адамдар арасында жоготуу көп болгонун, өлгөндөр менен жаракат алгандардын ичинде аялдар, жаш балдар бар экенин айтышууда. Андыктан Ирак өкмөтү карапайым калктын жүрөгүндөгү нерселерди да угушу керек:

-Менимче маселе калктын көпчүлүгү, өзгөчө белгилүү аймактарда алар атуулдук укугубуз жок, саясий жараяндан сыртта калдык, Багдаддагы өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү сүргүндөн келгендер, биздин өкүлдөр эмес деген маанайда экендигинде.

Ал эми Багдад университетинин саясат таануу боюнча адиси Саад ал –Хассанинин айтымында, өлкөнүн кайсыл бир аймагы көзөмөлсүз калуусуна бир да өкмөт макул эмес. Бирок Иракта андай жерлер өкмөттүн колуна өткөндөн кийин, бийликке жергиликтүү тургундар да тартылышы абзел:

-Адамдарды, Самарранын адамдарын шыктандыруунун экинчи жолу- самарралыктардын өзүнүн арасынан чыккан башкаруучуга ээ кылуу.

Саад ал-Хассани белгилегендей, январдагы шайлоо ийгиликтүү өтүшү үчүн зарыл болгон тынчтык эгер козголоңчул шаарларда жашаган адамдар бийликти өз колуна алып, Багдаддагы өкмөт менен кызматташуунун артыкчылыктарын сезгенде гана орнойт. Козголоңчуларды жеңүүнүн жалгыз жолу калк арасындагы кеңири колдоо экенин америкалык "Нью-Йорк Таймс" гезитинде жарыяланган макаласында Вашингтондогу Улуттук Коргонуу уинверситетинин изилдөөчүсү Томас Хаммес да белгилейт. Ал жазгандай, "аскерий чара саясий аракеттерге гана кошумча боло алат".
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG