Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:34

Куловдун арызы парламенттин комитетинде бул жолу каралбай калды


БИШКЕК. 6-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын сот, укук жана мыйзамдуулук комитетинде «Арнамыс» партиясынын учурда абакта жаткан жетекчиси Феликс Куловдун арызын кароо башталып, бирок ал тууралуу чечим кабыл алынган жок. Анткени Сокулук райондук сотунун Куловдун мөөнөтү боюнча чечими парламенттин комитет мүчөлөрүнүн колуна таратылып берилген жок жана ошондуктан ал боюнча чечим кийинки отурумда кабыл алына турган болду.

Феликс Кулов ушул жылдын жазында шарттуу түрдө боштондукка чыгарууну өтүнүп Сокулук райондук сотуна кайрылган. Арызда мыйзамга ылайык Улуттук коопсуздук кызматынын абагында отурган бир жылдан ашуун убакыттын ар бир күнү эки күн деп эсептелээрин негиздеп, боштондукка чыга турган күнү келгенин билдирген.

Райондук сот Куловдун арызын канаатандырган эмес. Ага нааразы болгон Кулов Мыйзам чыгаруу жыйынынын сот, укук жана мыйзамдуулук комитетине арыз жолдогон.

XS
SM
MD
LG