Алты күндүн ичинде Бириккен Улуттар Уюмунда Суданга каршы эки катуу сын айтылды. 30-сентябрда Бириккен Улуттардын адам укуктары боюнча жогорку комиссары Лиуз Арбур сүйлөп, Судандын Дарфур аймагындагы кыргын уланууда жана эл аралык коомчулук шашылыш чара көрүүгө тийиш деп билдирген. 5-октябрда болсо Бириккен Улуттардын Судан боюнча атайын өкүлү Ян Пронк Коопсуздук Кеңешинин алдында чыгып сүйлөп, кыргынды токтотуу үчүн Судан өкмөтү жетиштүү чара көрбөй жатат деп билдирди.
Анын айтымында, жапа чеккендердин саны күн өткөн сайын көбөйүүдө жана Дарфурдагы абалды ич-ара согуш деп атаса болот:
- Бул ич-ара согуш уланып, анын таасири айыл чарба менен азык түлүк өндүрүшүнө тийсе, жапа чеккендердин саны үч же төрт миллионго жетиши мүмкүн. Бул өтө чоң коогалаң жана абдан орчундуу чара көрүлүүгө тийиш, андай чаралар кыска же жөн гана бир убакта жасалган нерсе эмес, узак чекке ылайыкташтырылган аракеттер болуш керек.
18-сентябрда Коопсуздук Кеңеши маселени карап, эгер Судан өкмөтү абалды жөнгө салбаса, ага каршы эл аралык чектөөлөр жарыяланат деп билдирген. Бирок Луиз Арбурдун 30-сентябрда айтканына караганда, кеңири кыргын токтогону менен, Дарфурда жашаган арабдар азыр кара түстүүлөргө кадимки мергенчилик кылууда:
-Менин билишимче, кара түстүү урууларга каршы кеңири чабуул токтотулганы менен, айрым адамдардын кол салуулары уланууда жана анын өлчөмү өтө кеңири.
Бириккен Улуттардын маалыматтарына караганда, акыркы 20 айдын ичинде Дарфурда 50 миңден ашык адам өлтүрүлдү жана бир жарым миллионго жакын киши кошуна өлкөлөргө качууга аргысыз болду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 14-сентябрда жарыялаган маалыматка караганда, ал качкындардын арасында ай сайын алтыдан он миңге жакын адам өлүп жатат.
Кагылышуулар 2003-жылдын февралында башталган. Дарфур аймагында жашаган кара түстүүлөр өз кыйынчылыктарын айтып, өкмөт аларга көбүрөөк көңүл бурууга тийиш дегенде, жергиликтүү жанжавит деп аталган араб уруулары аларды куугунтуктай башатаган жана кара түстүүлөр дагы колуна курал алган. Өкмөт жанжавиттерди тыюуга аракет көрбөгөндүктөн, эл аралык эксперттер бул тукум курут аракеттерине жол берген Судан жетекчилигин күнөөлөдө.
Үстүбүздөгү жылдын август айынын аягында кошуна Нигериянын борбору Абуджа шаарында Судан өкмөтү менен козголоңчулар ортосунда сүйлөшүү башталган. Бирок үч аптага уланган жыйын жыйынтыксыз аяктады, анткен менен андан кийин ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзүлгөн. Судандын Бириккен Улуттардагы өкүлү Элфатих Эрванын айтымында, ал келишимди козголоңчулар бузуп жатат:
-Эгер ал келишим аткарылса, коопсуздукту камсыз кылууга шарт түзүлөөр эле жана өкмөт дагы өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарууга мүмкүнчүлүк алмак.
Андан тышкары Судан өкмөтү өлкөгө Африка биримдигине кирген мамлекеттердин бейпилдик аскерлерин киргизүүгө макул болду жана Бириккен Улуттар дагы азыр ушул багытта аракеттенүүдө.