Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

КЫРГЫЗ-ЖАПОН КЫЗМАТТАШТЫГЫ КЫЗЫМАКЧЫ


Азиза Турдуева, Бишкек 6-октябрда тышкы иштер министрлигинде Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда техникалык кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Документте эки өлкөнүн ортосундагы техникалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча шарттар каралган.

Макулдашууга Жапонияны Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Тошио Цунодзаки жана Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Талант Кушчубеков кол коюшту.

Документке ылайык Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы техникалык кызматташуулар боюнча долбоорлорду биргелешип иштеп чыгуу, өндүрүш жана башка тармактар боюнча кыргыз адистерин Жапонияда даярдоо, Кыргызстандын экономикасынын ар кандай секторлорун жапон эксперттери тарабынан иликтөө, Кыргызстанга жапон волонтерлорун тартуу жана башка маселелер каралган.

Жапониянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Тошио Цунодзаки макулдашуу тарыхый мааниге ээ экендигин белгиледи:

-Менин пикиримде макулдашуу тарыхый мааниге ээ. Ал эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана башка тармактардагы кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрөт деп ишенем. Деги эле быйылкы жылды мен Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы кызматташуулардын өнүгүшүндөгү тарыхый жыл болуп жатат деп айтаар элем.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Талант Кушчубеков документтин маанисине төмөнкүдөй токтолду:

-Чындыгында эле бул макулдашуу тарыхый мааниге ээ деп айтсак болот. Анткени ал эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүдөгү негизги
макулдашуулардын бири. Анткени ал долбоорду турмушка ашырууга юридикалык жол ачат. Ушу келишимдин негизинде Кыргызстандын элине, журтуна пайда көрсөтө турган бир кыйла долбоорлор ишке ашат деген ойдомун
.

Талант Кушчубеков ошону менен бирге быйыл апрель айында Токиодо Кыргызстандын элчилиги ачылгандыгын, август айында болсо Жапониянын тышкы иштер министри Иорико Кавагучинин Кыргызстанга иш сапары менен келгендигин да белгиледи. Соңку он жылдан бери бул Күн чыгыш өлкөсү тарабынан Кыргызстанга көрсөтүлгөн жардамдарга токтолду:

-Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Жапония экономика, инфраструктура, көптөгөн социалдык тармактарда бир катар жардамдарды көрсөтүп келатат. Биздин өлкөгө көрсөткөн жардамы, салымы өтө чон. Мисалга алсак, эларалык «Манас» аба майданын, Бишкек-Ош жолун реконструкциялоо иштерине Жапон өкмөтү кредиттик жардамдарды көрсөттү. Ошондой эле Жапон өкмөтү тарабынан саламаттык сактоо, айыл-чарба, маданият тармактарына кыйла жардамдар берилди. Бир топ ооруканаларга уникалдуу медицина аппараттары коюлду. Мындай мисалдар санай берсе көп.

Ал эми соңку жылдары эки өлкөнүн ортосундагы техникалык кызматташуу Жапониянын Эларалык кызматташуу агенттигинин (JIKA) Кыргызстандагы өкулчүлүгү жүргүзүп келет. JIKAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2000-жылы ачылган жана учурда үч негизги багыт боюнча иштөөдө: жакырчылыкты жоюу, базар экономикасына өтүү жана акыйкат башкаруу.

Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөн. Андан бери Кыргызстандын өнүгүшүнө бул Күн чыгыш мамлекети 320 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жардам берген. Анын ичинде техникалык жардам иретинде 40 млн. доллар, гранттык жардам катары 90 млн. доллар, ал эми кредит түрүндө - 190 млн. доллар.

XS
SM
MD
LG