Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

ЧЕЙНИ-ЭДВАРДС: АЙТЫШ ҮРӨЛ БОЛДУ, АЙЫПТООЛОР МҮРӨЛ БОЛДУ


Шейшемби күнү кечинде америкалык шайлоочулар вице-президенттикке талапкерлердин – Дик Чейни менен Жон Эдвардстын телеэкрандагы талаш-таймашын көрүштү. Эки атаандаш Ирактагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы жагдайдан тартып ички экономикага жана СПИД проблемасына чейинки маселелерди козгошту. Телетаймашты көпчүлүк телеканалдар Огайо штатындагы Кливленд шаарынан түз режимде алып көрсөтүштү. Байкоочулардын көбү атаандаштардын саясий айтышы үрөл болду деп баалашты.

Атаандаштар айтышканга бейтарап жер деп Огайо штатын тандап алышты. Жергиликтүү шайлоочулар не демократтарга, не республикачыларга оодук кылган ыкыласын көрсөтө элек. Алиге бейтарап тургандар менен олку-солку болгондорду өз тарабына оодарып алмакка атаандаштар да аянышпады: Буш менен Керриден айрымаланып, Чейни менен Эдвардс бир катар маселелерде бирин-бири аянбай айыптап, айбыкпай сындашты.

Коомдук пикирде Ирактагы согушка демилгечи болгондордун бири эсептелгендиктен Дик Чейни администрациянын кадамын катуу коргоду. Иракта жасалган иштердин баары айныксыз туура болгонунун кайталап айтып, Чейни мындан дүйнө кыйла коопсуз боло түштү, Саддам Хусейн түрмөдө отурат, анын өкмөтү эми эгерим бийликке келе албайт деп билдирди. Чейни багдаддык диктатор терроризмди каржылап, ”Ал-Каида” менен жакын алакада болгонун кошумчалады.

Буга сенатор Жон Эдвардс вице-президент алиге чейин америкалыктардын алдында ыймандай чындыкты айта албай жатат деп жооп кайтарды. Ирактагы азыркы кызыл-кыйма абалды сөз кылып, Эдвардс эгер сенатор Жон Керри экөө бийликке келчү болсо бу кырдаал өзгөрө тургандыгына ишендирди. Бизге ишти башкача баштоо керек, деп айтты ал.

Америкалыктарга, Эдвардстын айтымында, ирак күчтөрүн ыкчам машыктырып, күчтөндүрө турган, кайра куруу иштерин илгерилетип, анын пайда-батасына ирактыктарды ишендире алган президент керек. Жон Керриден, сенатордун сөзүнө ылайык, дал ушундай президент чыгат.

Эдвардс бир кезде Чейни жетектеген Halliburton фирмасы Ирактагы көп миллиарддуу контракттарга ээ болгонун эске салды. Чейни эч кандай мыйзам бузулбагандыгын, бу болгону демократтардын куурай башын сындырбаган курулай дымагын жашыруу максатында ойлоп тапкан оюну экенин айтып, каяша кылды.

Эгеш-талаш маалында Иран маселеси да козголду. Вице-президент азыркы администрация Тегеранга байланыштуу башкача саясат жүргүзүп жатканын, Иран кантсе да мурдагы Ирактай ООНдун коопсуздук кеңешинин резолюцияларын он эки жыл бою бузбагандыгын, бирок МАГАТЭнин быйыл ноябрдагы жыйынына чейин оң натыйжа чыкпаса маселе коопсуздук кеңешине ашырыла тургандыгын эскертти. Тараптар Жакынкы Чыгыштагы жагдайга кайрылышып, кырдаалдын кылоосун мокотуу зарылдыгына макул болушту. Эдвардс азыркы администрацияны дүйнөдөгү бейпилдик озуйпаларын унутуп калганы үчүн айыптады. Атап айтканда, сенатор Африкада СПИД илдети миң-миллиондогон адамдарды жалмап, Суданда кызыл уук кыргын жүрүп жатканын, мунун баары, Жон Керри өткөндө айткандай, Кошмо Штатарынын эки бирдей моралдык чоң борчу экенин эске салды.

Чейни менен Эдвардс экономикалык проблемаларды, салык, саламаттык сактоо, ички турмуштун башка да маселелерин талкуулап-талашышты. Чейни демократтарды салыктарды көтөргөнү жаткан үчүн сынга алды, Эдвардс болсо республикачылардын салык саясаты америкалык миллионерлердин гана көөлүсүнө суу куйганын айтты. Статистикалык цифраларды келтирип, Эдвардс улуу депрессиядан бери америкалыктар арасында Буштун тушунда гана жумушсуздар өскөндүгүн белгиледи.

Теледебатта айрымдар Чейни утуп чыкты деп айтышты. Бирок көпчүлүк байкоочулар айтыш тайталаш мүнөздө болгонун белгилешти.

Соңку сурамжылар Буш менен Керринин рейтинги азыр теңелгенин көрсөттү. Алардын экинчи телетаймашы алдыдагы жума күнгө, акыркысы келерки шаршембиге белгиленген. Шайлоо 2-ноябрда болот.

XS
SM
MD
LG