Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

БААРЫ ДАЯР: ШАЙЛООЧУЛАР КЕЛИП БЕРСЕ ЭЛЕ БОЛДУ


10-октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңеш шайлоосун Бишкек шаары кандай даярдык менен тосуп атканы 6-октябрдагы Борбордук шайлоо комиссиясынын кеңешмесинде талкууланды. Башкалаа кеңешиндеги 44 орунду 334 талапкер ээлешке куштар. Жаңыланган Шайлоо кодекси боюнча өтүп аткан бул иш-чарага даярдыктар кандай жүрүүдө?

Кыргызстандын башка жерлерине салыштырмалуу Бишкектеги саясий активдүүлүктүн чоо-жайын шаар башчы Медетбек Керимкулов борбордун жергиликтүү өз алдынча башкарууга өтүшүнө байланыштырып түшүндүрөт:

-Себеби түшүнүктүү. Бишкек шаар кеңеши башкалаага байланышкан бардык маселени чече алат. Сан жагынан 300дөн ашкан депутаттыкка талапкерлердин баары тең саясий жагынан активдүүлүгүн көрсөтүп, даярдык иштерин жүргүзүүдө. Орточо эсеп менен бир орунга 7 адам ат салышууда. Шаар кеңеш депутаттыгына талапкерлерди 13 саясий партия көрсөттү. Участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн арасында 10 саясий партиянын өкүлдөрү бар. Шаарда округдук шайлоо комиссиялары үчүн 198 жай даярдалды. Алар мектеп, жогорку окуу жайлары, ишканалардын имараттары. Шайлоо даярдыгы шайма-шай.

Борбордук шайлоо комиссия төрагасы Сулайман Иманбаевдин айтымында, Бишкек шаарында шайлоочулардын активдүүлүгү өтөле төмөн. Ага кошумча шайлоочулар тизмесинин так эместиги да кооптонууну жаратууда:

- Шайлоочулардын тизмеси өлкө боюнча оор проблема бойдон калууда. Бирок да Бишкекте ал абыдан кыйын. Жаңы Шайлоо кодекси боюнча шайлоочулардын тизмесин түзүү милдети жергиликтүү бийлик жетекчилерине, шаардагы район акимдеринин жоопкерчилигине жүктөлгөн. Шаар гезити жазгандай, кайсы бир депутат Жал округунда бир эле адамдын фамилиясын шайлоо тизмесинде 50 жолу жазып коюшкан. Шайлоочуларды каттоо боюнча мен кечээ бул фактыны атайын текшердим. Андай окуя жок экен, анткен менен проблема бар.

С.Иманбаевдин ырасташынча, шаардагы эки көчөнүн кесилишинде жашагандардын тизмесин түзүү, студенттик жатаканада катталгандардын так эсебин алуу жаатында толгон-токой кемчиликтер бар. Шайлоочулар паспорт катталган жеринде гана добуш бере алышат. Ошондон улам студенттер менен катталбаган атуулдарды добуш берүү участокторуна алып барып катыштырып, шайлоо көз боёмочулугун жасоого чечкиндүү каршы туруш керек, деп билдирди БШК төрагасы.

Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Алексей Тергалинский шайлоо участокторуна айнек кабиналар, шайлоо бюллетендерин таштоочу айнек үкөктөр жеткирилип жатканын маалымдады. Анын ырасташынча, башкалаадагы бир округда 39 талапкер катталган.

XS
SM
MD
LG