Парламент аралык ассамблеянын бюросунун жыйынында 18 маселе каралары белгиленген. Алар негизинен Евразия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарын бири-бирине шайкеш келтирүү максатын көздөйт. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев сөз сүйлөмөкчү. Ал эми парламент аралык ассамблеянын социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жыйында жасала турган өз доклады тууралуу буларды билдирди:
- «Жөнөкөй адамдарга карай он кадам” деп аталат сөзүм жана ал шериктештикке кирген мамлекеттердин жетекчилеринин демилгесинин аткарылышы боюнча болот.
Текебаевдин айтымында, мамлекет башчыларынын демилгесинде шериктештикке кирген өлкөлөрдүн атуулдарынын жеңилдетилген жол менен атуулдук алышы, чегарадан тоскоолсуз өтүшү, медициналык жардам алууга шарт түзүү, валюта жана жүктү алып өтүүгө эркиндик берүү сыяктуу маселелер каралган.