Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

«МСН» ГЕЗИТИНИН ТӨБӨСҮНӨ КАЙРАДАН КАРА БУЛУТ ТОПТОЛДУ


27-сентябрда өкмөт алдындагы антимонополиялык саясат боюнча департамент «МСН» гезитине байланыштуу токтом чыгарды. Анда бул гезит өз баасынан арзан сатылып, «Вечерний Бишкек», «РИФ», «Бишкек таймс» гезиттерине тоскоолдук кылып жатканы айтылган жана «МСНдин» уюштуруучуларына басылманын баасын кымбаттатуу сунушталган. Талдоочулар өкмөттүк мекеменин бул чечимин шайлоолор алдындагы эркин басма сөзгө жасалган басым катары баалашууда.

Мындан 5 ай мурда «Вечерний Бишкек» басма үйү, «РИФ», «Бишкек таймс», «Южный курьер» гезиттери жана «Учкун» концерни өкмөт алдындагы антимонополиялык департаментке арыз жолдошкон. Анда «МСН» гезитин чыгаруучулар анын баасын атайылап арзандатып сатып жатат жана бул калган гезиттерди базардан сүрүп чыгарууга багытталууда деп айтылган. Ошондон тартып өкмөт алдындагы антимонополиялык департамент 5 ай бою өз алдынча иликтөө жүргүзгөн.

Кийин Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасынын уруксаты менен департаменттин кызматкерлери «МСН» гезитин чыгаруучу фирманын ишин текшерген. Гезиттин - өздүк наркы 2 сом 64 тыйын турган ар бир нускасы 1 сом 34 тыйындан сатылып жатат деген жыйынтыкка келишип, 27-сентябрда атайын токтом кабыл алышкан. Бирок азырынча антимонополдук департамент өз токтому менен «МСН» гезитин да, басма сөз өкүлдөрүн да жана коомчулукту да тааныштырууга шашкан жок.

Департаменттин бул ишке жооптуу кызматкери Болотбек Мамбеткулов азырынча эч бир маалымат бералбастыгын айтып, интервьюдан баш тартты:

- Өзүңүз жакшы билесиз – мындай маселелерге жоопту мен жетекчиликтин гана уруксаты менен бере алам.

Ал эми департаменттин директору Олег Журавлёв мырза өкмөттүн маанилүү иштеринен колу бошобой жаткандыктан, аны таап, пикир алуу мүмкүн болгон жок.

«МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким антимонополиялык департаменттин мындай токтомун дегеле эч бир мыйзамга сыйбаган нерсе деп, бул окуяны эркин басма сөзгө, анын ичинде бийликти сындап келаткан анын гезитине жасалган кезектеги кысым катары баалады.

«Биз департаменттин токтому баштаган документтерди колубузга ала элекпиз. Алар менен таанышкандан кийин сотко, башкы прокуратурага кайрылабыз» деди Александр Ким:

- Алардын мындай иштери азыркы мыйзамдарга каршы келет. Департаменттен документтерди алаарыбыз менен ал токтомду сот аркылуу жокко чыгарууга аракеттерди баштайбыз. Журавлёв мырзанын мындай аракеттеринин укуктук жактан канчалык тууралыгын текшерип берүүнү өтүнүп, башкы прокуратурага кайрылабыз.

Александр Ким сот жана прокуратура органдары алардын пайдасына чечим чыгарып берерине деле көп ишене бербейт. «Бийликтин мындай опуза-кысымдарынын далайын баштан кечиргенбиз, көрө жатаарбыз», дейт ал:

- Биз чынында бийликтин мындай кысымдарына көнүп бүткөнбүз. Бул окуяны саясий акция катары баалайбыз жана ушундай саясий таймаштар күчөгөн маалда бизди уйпалап, жок кылууга жасалган кезектеги аракет катары баалайбыз.

6-октябрда «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы департаменттин «МСН» боюнча токтомун сынга алган билдирүү таратты. Коалициянын президенти Эдил Байсалов «менин күлкүмдү келтиргени - түштүктө гана сатыла турган «Южный курьер», жалаң кыргызча чыга турган «Бишкек таймс» жана «МСНге» дегеле атаандаш болбой турган тармактагы «Учкун» концерни антимонополиялык департаментке кайрылып жатканы болду» дейт:

- «Гезиттерибизди эч ким окубай жатат, алар өтпөй калды» деп мамлекетке кайрылыш бул – базар экономикасы болобу, сөз эркиндиги болобу – эч бир мыйзамга сыйбайт. Ошондуктан албетте биз бул чечимди сынга алып жатабыз. Анан эң негизгиси – мындай токтом «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамга каршы келет. Ушундай чечимдин кабыл алынышы – эркин гезиттерге жасалган чабуулдардын башталышынын белгиси.

Эдил Байсаловдун айтымында, «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 3-беренесине ылайык гезит чыгаргандар демөөрчүлөрдүн акчасынын күчү менен болобу, рекламадан түшкөн каражаттын эсебиненби - айтор, гезитин каалаган баада чыгарып, каалаган баада саталат. «МСНди» канчага сатууну да ишкер катары гезит редакциясы өзү билип, өзү бычат.

Департаменттин кабыл алган токтомунда арыз менен кайрылгандар тарткан чыгымдарын өндүрүп алыш үчүн «МСНдин» үстүнөн сотко кайрылса болот деп жазылган. Учурда Литвада жүргөн акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу департаменттин мындай токтому атуулдардын маалымат алуу укугун чектеп, сөз эркиндигине кысым жасай турганын айтты:

-Конституцияга, мыйзамдарга такасак – бул жерде «МСНдин» укугу бузулуп жатат, биз ага жол бербешибиз керек. «МСН» гезитке кандай баа коёт – ал өзүнүн ички иши, өз ыктыяры. Эгер редакция гезиттин баасын кымбаттатып, эл аны сатып алалбай кыйналып жатса – мына ошондо департамент бул ишти караса болот эле. Бул жерде болсо тескерисинче болуп, адамдын күлкүсү келе турган кырдаал түзүлгөн. Кымбатчылыкка, жакырчылыкка каршы күрөшөм деп келаткан өкмөттүн "товарды кымбаттат" деп жатканы – түшүнүксүз. Менин оюмча, монополияга каршы департаменттин мындай токтому элге каршы багытталган. Анткени элдин маалымат алуу укугуна да доо кетип жатат. Департаменттин чечимин «Вечерний Бишкек» гезитинин кожоюндарынын буйругун аткаруу деп эсептейм.
XS
SM
MD
LG