Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:48

Ош областык ички иштер башкармалыгы жыйын өткөрдү


ОШ. Жыйында тогуз ай ичинде жасаган иштердин жыйынтыктары чыгарылды. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Алмамбет Байтиков кылмыштуулуктун деңгээли өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир кыйла төмөндөгөндүгүн билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 2145 кылмыш катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1,6 пайызга төмөн. Кылмыш иликтөө багыты боюнча 991 оор жана өтө оор кылмыштар катталып, алардын 84 пайызынын бети ачылган.

Алмамбет Байтиков жол кыймылынын коопсуздугун сактоодо абал начар экендигин айтып, кырдаалды жөнгө салуу үчүн кескин чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Тогуз жылдын жыйынтыгы боюнча облустун аймагында 242 жол кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу анын саны 3,8 пайызга өскөн. Жол кырсыгынан 94 адам каза таап, 313 киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG