Сергей Багапш – президенттикке оппозициядан көрсөтүлгөн башкы талапкер. Ал шейшемби күнү өз колдоочулары менен жолугушууда "Биз жаңы шайлоо өткөрөбүз, ага бардык талапкерлер катышат. Бирок бир гана Гали ооданында, (дагы кайталайм) бир гана Гали ооданында жаңы добуш берүү уюштуруп, бул шайлоодо биз жеңип чыкканыбызды далилдейбиз, -деди.
Айткандай эле эртеси Абхазиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 17-октябрда Гали ооданында шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүүгө бүтүм кылды. Бул чечим өткөн аптанын соңундагы шайлоодон кийин жаралган чырлуу жайдайды жөнгө салууга салым кошмокчу. Ал шайлоодо өз талапкердигин койгон өкмөт башчысы Раул Хажимба Гали ооданында добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланды деп кине койгон эле. Бул аймакта отурукташкан этникалык грузиндер Хажимбанын башкы атаандашы Багапышты колдошот.
Өкмөт башчысы Хажимбаны бийликтен кетип жаткан президент Ардзинбанын мураскору деп билишет жана анын артында Кремл турганы жашыруун эмес. Ушул дүйшөмбүдө Хажимба шайлоодо жеңип чыкты деп ката жарыяланып кеткен эле, бирок шейшемби күнү шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы Багапыштын добуштардын дээрлик 48 пайызы менен алга озуп чыккандыгын көрсөттү. Ал эми Хажимбага болгону 38 пайыз добуш берилген экен.
Шаршембиде Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ражен Хикуба Конституцияда жарым-жартылай кайра шайлоо өткөрүү каралбаганы менен, бардык беш талапкер мунасага келүүнүн зарылчылыгын моюнга алып, экинчи айлампага макул болушканын жарыялады.
Бул жарыяга чейин премьер-министр Хажимба шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңы добуш берүү өткөрүүнү талап кылган эле. Ал өз талабын добуш саноонун жыйынтыгы бурмаланды деген кине менен негиздеген:
- Галидеги шайлоо бекеттеринен документтер бар. Шайлоочулар бюллетенди кандай документ менен алышты деп сурашыңыз мүмкүн, иш жүзүндө алардын аты-жөнүн эч ким текшерген жок. Ошондой эле айрым кол тамгалар бип-бирдей, демек бир эле киши 3-4 кишинин атынан добуш берген.
Оппозициячыл талапкер Багапыш бул кинени четке кагып, каршы тараптын өзүн башка аймактарда эреже бузду деп күнөөлөгөн.
Шайлоо талашын создуктуруу саясий тополоңго алып келиши мүмкүн эле. Шаршемби күнү эртең менен оппозициянын 300дөй колдоочусу демонстрацияга чыгып, шайлоонун жыйынтыгын создуктурбай жарыялоону талап кылышты.
Президент Ардзинба кырдаалды шайлоокомдун өкүлдөрү жана башкы эки талапкер менен талкуулап жатканда, вице-премьер-министр Владимир Зантария өкмөттү колдогон дагы бир жүрүштүн катышуучуларын сабырдуулукка чакырып, абхаз коомунун бөлүнүп-жарылышына жол бербөөгө үндөгөн.