Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

БУШ МЕНЕН КЕРРИ ЭКИНЧИ ТЕЛЕАЙТЫШ ӨТКӨРҮШТҮ


АКШ президенти Жорж Буш жана анын жакындап калган шайлоодогу башкы атаандашы, демократ Жон Керри жума күнү кечинде экинчи телетаймашка чыгышты. Бул ирет алар ички саясат, жумуш орундары, салык, айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин талдашмак. Бирок өткөн аптадагы алгачкы таймаштагыдай эле Ирак темасы кайрадан үстөмдүк кылып кетип, дал ушул маселе телеайтыштын мүнөзүн курчутту.

Миссури штатында өткөн телеайтышты Эй-би-си каналынын кабарчысы Чарлз Гибсон алып барды.

-Мен сиздерди республикалык партиянын талапкери, президент Жорж Буш менен демократтардын талапкери Жон Керринин ортосундагы 2004-жылкы экинчи таймашка кош келиңиздер демекчимин, - деп ачты жолугушууну Гибсон.


Бу жолку талаш-талкуу өткөн аптадагыга караганда кыйла бейформал мүнөздө өттү. Буш менен Керри залда чогулган 140тай кишинин алдында отуруп алышып, кезеги менен жолугушууга келгендердин суроолоруна басып туруп жооп берип атышты.

Америкалык "Галлуп" аттуу социологиялык уюм ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо кимге добуш берээрин билбей, эки анжы болуп турган адамдарды атайлап тандап, алар өзүлөрүн кызыктырган суроолордун баарын телетаймаштын алып баруучусуна тапшырып, журналист Гибсон суроолорду изилдеп жалпылап, талкууланчу маселелер тизмегин түзүп алган.

Президенттикке талапкерлердин пикирине кызыккандар кайра келип эле Ирак маселесине такалып жатышты.

- Президент мырза, менин апам менен эжем ушул жайда чет өлкөлөргө саякаттап келишти. Кайтып келгенде алар Ирактагы кырдаалдан улам башка мамлекеттерде Америкага карата мамиле абдан начарлап кеткенине капа болгонун айтып беришти. Биз дипломатия жолунда аракеттенишибиз керектиги айкын. Азыркы абалдан улам, Американын башка мамлекеттер менен мамилесин оңдоо жаатында кандай планыңыз бар?


Ушундай суроого Буштун жообу төмөнкүдөй болду.

- Мен айрым адамдар Американын башкы баалуулуктарын түшүнбөй калышына алып келген чечимдерди кабыл алганымды моюнга алам. Роналд Рейган да президент кезинде катаал принциптерди карманганы эсимде. Ошондо аны кээ бир кишилер абдан кежир адам деп ойлошкон. Рейган Советтер Союзуна каршы катуу туруп, акыры ал тирешүүдө биз жеңдик. Бирок анын алдында Рейган Европада катуу сындалган болчу. Мен да Саддам Хусейнди бийликтен кулатуу – элдин баарына жага бербесин түшүнөм. Бирок мен ал чечимди биздин өлкөнүн коопсуздук кызыкчылыктарынан улам кабыл алгам.

Ал жума күнкү телетаймаш маалында бир нече ирет атаандашы Керри тарапка каш серпип, америкалыктар өз популярдуулугун арттырыш үчүн туура эмес кадамдарды жасаган, же чечкиндүүлүгүн көрсөтө албаган президентти каалабайт деп кайталады. Жон Керри президент Бушка андан да катуу чабуул койду:

-Президент Буш Иракта массалык кыргын салуучу курал таппай калып, аны массалык калп айтуу кампаниясына айландырды.

Айтор, Керри бул ирет да Ирактагы согушка, анын кесепеттерине басым жасап, элдин көңүлүн өзүнө тартууга аракеттенди:

- Эгерде биз Ирактагы согуштун ордуна айлакер дипломатия жолун пайдаланганда, 200 млрд. долларды үнөмдөп калат элек, ошондой эле Осама бин Ладен эмгиче түрмөгө салынып же өлүмгө дуушар болот эле. Террорго каршы согуш деген ошол болмок.

Керри атаандашынын Америкага алып келген зыяндарын тизмелеп, Буш президент болгондон бери бюджеттин таңсыктыгы болуп көрбөгөндөй көбөйүп, жумуш орундары кыскарганын белгиледи. Жорж Буш өзүнүн салыктарды азайтуу чечими экономикалык төмөндөө этабынан тезирээк чыгып кетүүгө жардам бергенин айтты.

Бу жолку телетаймашта Буш менен Керри бир нече ирет бири-бирин кычык сөздөр менен чукулап, атүгүл бир ирет азыркы президент ордунан тура калып, алып баруучудан сөз талаша кетти.

Бирок байкоочулар Жорж Буш алгачкы айтышка караганда бул ирет өзүн кыйла ишенимдүү карманып, залда чогулган эл да аз-маз ал тарапка ыктагандай сезилгенин айтышат.

Мурунку телетаймаштан кийинки сурамжылоолор Керри шайлоочулар арасындагы кадырын бир аз жогорулатып, рейтингин Буштукуна барабарлап алганын көрсөткөн. Бул ирет да коомдук пикирди изилдөө борборлору Буш менен Керриге ишенгендердин саны дээрлик теңме-тең экенин кабарлоодо.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG