Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Кээ бир талапкер шайлоонун жыйынтыктарын тааныбаш керек дешти


Анткен менен кээ бир талапкерлер шайлоону сынга алып, аны токтотууну талап кылды. Алардын айрымдары шайлоочуларга кайрылып, добуш берүүнү бойкоттоого чакырды. Президенттикке талапкер болуп катталган Сатар Сираттын айтымында, бул шайлоо мыйзамдуу эмес жана анын жыйынтыктары таанылбаш керек. Шайлоо өнөктүгү мындан бир нече күн мурда аяктаганы менен, кээ бир чөлкөмдөрдө үгүт иштери бүгүн дагы болду:

- Шайлоо эрежелери боюнча үгүт мындан бир нече күн мурда токтогон, бирок мисал үчүн, талапкер Канунинин колдоочулары Хаир Хана чөлкөмүндө бүгүн дагы үгүт жүргүздү. Алар Канунинин сүрөттөрүн көтөрүп, аларды машинеге чаптап алып айдап жүрдү, үгүттөөчүлөр элди Кануниге добуш берүүгө чакырып турду. Бул шайлоо мыйзамын бузгандык, - дейт Сафай аттуу шайлоочу.

Кануни өзү дагы атайын билдирүү жасап, көптөгөн мыйзам бузуулар болгондуктан, шайлоо токтотулууга тийиш деп жарыялады.

XS
SM
MD
LG