Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:43

АВСТРАЛИЯДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО БОЛДУ


Төрөкул Дооров, Прага Ооганстанда президенттик шайлоо өтүп жатканда Австралиянын эли да өзүнүн парламентин тандады. Добуш берүүчүлөрдүн шайлоого катышып, атуулдук милдетин аткарышы Австралияда өзгөчө мыкты жолго коюлгандай. Анткени шайлоого катышпагандарга акчалай айып салынат. Эгерде алар өз убактысында тигил же бул тарапка добушун беришпесе, анда 20 австралиялык долларга (бул америкалык 14 доллардын тегерегинде) айыпка жыгылышат. Анын үстүнө бул жолку шайлоонун мааниси да өзгөчө - өлкөнүн Иракка жиберилген аскер күчүнүн тагдырын дал ушул жаңы парламент чечиши керек.

Австралиянын Борбордук шайлоо комиссиясы ушул тапта бюллетендердин 60% саналганын билдирди. Алгачкы жыйынтыктарга ылайык шайлоочулардын 53% жакыны Либералдык партияны колдошоорун билдиришкен. Ал эми лейбористтик партия 47%дын тегерегинде добуш топтой алды.

Негизи, Австралиядагы шайлоонун өзгөчөлүгү 80 жыл мурда киргизилген катуу тартиптин дале иштеп жатканында болсо керек. Австралиялыктар ошондон тарта жергиликтүү кеңештерге да, жалпы өлкө алкагындагы шайлоолорго да сөзсүз түрдө катышууга милдеттүү. Эгерде кимдир бирөө шайлоого катышпай, өзүнө тагылган айыпты төлөбөй, ал эле эмес, айыптын мыйзамдуулугун сотто кароону чечсе, бирок эгерде сот анын өтүнүчүн артка кайтарса, анда анын айыбы 50 австралия долларына чейин өсөт. А эгерде ал бул сумманы да төлөөдөн баш тартса оңой эле түрмөгө олтуруп калышы деле ажеп эмес.

Бул жолу австралиялык 13 млн. шайлоочу өз добушун же либералдык партияга же лейбористтерге бериши зарыл эле.

Өкмөт башында турган Либералдык партия Америка Кошмо Штаттарынын саясатын колдойт жана Ирактагы австралиялык 900дөй аскерди ал жерде калтырууну самайт. Ал эми ага оппозицияда турган лейбористтик партиянын өкүлдөрү көбүрөөк Азия мамлекеттери менен кызматташууга ынтызар жана Ирактагы австралиялык аскерлерди кайра мекенине алып келүүнү каалайт.

Бул эки башка позиция эки тараптын тең лидерлери: азыркы өкмөт башчысы, Либералдык партиянын лидери Жон Говард менен лебористтердин жетекчиси Марк Лейтем тарабынан жарыяланды.

Быйылкы парламенттик шайлоону өткөрүүгө 75 млн. австралия доллары сарпталган. Ал эми депутаттыкка талапкер бир жарым миңге жакын адамдын үчтөн экиси – эркектер.

Шайлоочулардын эки партияга көз-караштары ар башка:

-Ирактагы учурдагы оор кырдаал премьер-министр Жон Говарддын катасы деп ойлойм.

-Либералдык партияны колдойм. Анткени Говарддын өкмөтү өлкөнүн өнүгүшү үчүн кам көрүп келатат.

Ошол эле учурда, өкмөт жаңы муундун өкүлдөрүнөн куралышы керек дегендер да жок эмес:

- Биздин өкмөт алмашышы зарыл. Анда жаштар көбүрөөк болсо эл менен мамилени түзүү жеңилирээк болмок деп ойлойм. Анткени Говарддын өкмөтү эскирип, азыркы муундун проблемаларын такыр эле унутуп койду, - деп эсептейт дагы бир шайлоочу.

Албетте, шайлоочуларды добуш берүүгө зордогон бул эрежеге карата коомдо мамиле да бир жактуу эмес. Анын жактоочулары, мисалы, анын пайдасы демократиянын принцибинде элдин добушунун күчүн көрсөтөт дешсе, аларды сындагандар адам укуктары унутта калып жатат деген ойдо.

Дагы үчүнчү тараптагылар да бар. Алардын бири косметолог айым Натали өткөн жылдагы шайлоодо жумушта болуп, шайлоого катышалбаганы үчүн айып төлөгөн.

Ошентип, кайсыл бир себептер менен шайлоого келбей, добуш бералбай калгандардан сөзсүз түрдө акчалай айып алынат. Бул практика акыркы федералдык шайлоолордо мамлекеттин казынасына дурус эле киреше берген.

“Анда 40 миңге жакын шайлоочудан алынган айыптын өлчөмү 2 млн. австралия долларына жеткендиги маалым”, дейт “Herald Sun” басылмасынын баяндамачысы Лиям Хулихан.

Австралиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү жараяны тынч өткөнүн кабарлады. Ал эми шайлоонун акыркы жыйынтыгы жекшембиде маалым болот.

XS
SM
MD
LG